Уран казууга каршы митингдин уюштуруучусу милицияга жеткирилди — ага макулдашылбаган акция үчүн штраф салынышы мүмкүн

Милиционерлер жана Эркин Бөлөкбаев Ала-Тоо аянтында. «АКИпресстин» видеосунан алынган скриншот

«Жашылдар партиясы» кыймылынын лидери Эркин Бөлөкбаев Бишкектин Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүүгө тыюу салуу тууралуу соттун чечимин бузгандыгы жана милиционерлердин талаптарына баш ийбегендиги үчүн милицияга жеткирилди.

Бишкек шаардык соту «Жашылдар партиясына» уранга каршы борбордук аянтта митинг өткөрүүгө 29-апрелде тыюу салган. Активисттерге Горький атындагы сейил бакта митингге чыгууга уруксат берилген.

Милициянын маалыматына ылайык, укук коргоо органдары Бөлөкбаевден макулдашылбаган митингди токтотууну суранышкан, бирок ал баш ийбей койгон.

«Бөлөкбаев сот органдарынын чечимдерине карабастан Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүп, мыйзам бузууну токтотууну суранган милиция кызматкерлеринин өтүнүчтөрүн аткаруудан баш тарткан», — деп билдиришти Бишкек милициясынын басма сөз кызматынан «Клооптун» кабарчысына.

Активист Биринчи май районунун милиция бөлүмүнө жеткирилди. Мыйзамга ылайык, милиция кызматкерине баш ийбегендиги үчүн Бөлөкбаев дээрлик үч миң сом айып пулга жыгылышы мүмкүн.

Бөлөкбаев өзү сот чечимине баш ийбесин бир нече жолу айткан, анткени митинг өткөрүү укугу Конституцияда жазылган.

Уран казууга каршы митингдер

«Жашылдар партиясынын» активисттери 30-апрель күнү Бишкекте Кыргызстанда уран казууга каршы митингге чыгышкан. Ошол эле маалда жакында эле борбор калаага келген Ысык-Көлдүн тургундары Горький атындагы сейил багына нааразычылык акциясына чыгышкан. Ысык-Көлдүктөр өз нааразычылык акциясын 29-апрелде Балыкчы мэриясынын алдында башташкан.

Кыргызстандыктар апрелдин аягынан бери уран казууга каршы митингдерге чыгып келишет. Ысык-Көл облусунда бир катар митингдер болуп өткөн, анда «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясы Таш-Булак уран кенинде геологиялык чалгындоо иштерин аяктап, ал жерде уран казганы даяр турган болчу.

Нааразычылыктардын шартында бийликтегилер компаниянын лицензиясын токтото туруу чечимин кабыл алышып, ал эми уран кениндеги иштер толугу менен токтотулган.

ТЕМА БОЮНЧА: