УКМК Кыргызстанда интернет трафикке байкоо жүргүзбөйт — Экономика министрлиги

Сүрөт: Тилек Бейшеналиев / Kloop.kg

Экономика министрлигинин кызматкери Кубанычбек Исабеков «Клоопко» түшүндүргөндөй, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетин (УКМК) интернет трафигине байкоо жүргүзүү жана жөнгө салуу иши үчүн жооптуу кылып дайындоону Коопсуздук кеңешинин тапшырмасынан кийин пландашкан.

«Кошумча талкуудан кийин УКМК бул ишти аткарбашы керектигин чечтик. Азыркы учурда токтомдун долбоору кошумчаланып жатат. Азыр Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети жоопту ведомство болуп дайындалышы каралууда», — деп кошумчалады Исабеков.

Ал билдиргендей, интернет трафикке байкоо жүргүзүү боюнча жооптуу мамлекеттик органдын өзгөрүшү ЖМКлардагы жарыялоолорго байланыштуу эмес.

«Бул аны менен такыр байланыштуу эмес. Биз ЖМКлар муну жарыялагандыгын гана колдойбуз. Эл жана бизнес кандай чаралар көрүлүп жатканын билиши үчүн ишке ачыкпыз. [МТБМК] маморгандар менен макулдашуу учурунда сунушташты», — деп айтты Исабеков.

Ал сунушталып жаткан демилгелер соңку керектөөчү үчүн интернеттин баасына эч кандай таасир этпешине ишендирди.

«Токтом салык төлөөдөн качып көмүскөдө иштеп жаткандар үчүн салыкты администрлөөгө багытталган. Таза иштегендерде эч кандай маселе болбойт», — деди министрликтин өкүлү.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов да атайын кызматтар трафикке эсеп жүргүзүүнү пландабаганын «Клоопко» билдирди.

«Ал жакта Мамлекеттик салык кызматы, өкмөткө караштуу Бажы кызматы жана МТБМК [жазылган]. Өкмөттүн сайтында жумушчу вариантты жарыялашкан, жаңы вариант боюнча биз жокпуз», — деди Сулайманов.

Кыргызстанда интернет трафикти жөнгө салуу жана каттоо тууралуу токтомдун долбоору 25-апрель күнү өкмөттүн сайтында жарыяланган. Ал жакта УКМКны жооптуу орган кылып бекитүү сунушталган.

Экономика министрлиги 3-майда пресс-релиз жарыялаган, анда УКМК интернет трафикке байкоо жүргүзүүчү ведомство катары аталбай калган.

Токтомдун авторлорунун идеясы боюнча, кирген-чыккан трафиктин маалыматтары өлкөнүн чек араларында орнотулган атайын жабдуулардын жардамы менен чогултулуп турат. Ал жакта Казакстан менен Орусиядан келген транзиттик каналдардан трафикти кабыл алуу жүргүзүлөт.

Ошондой эле токтомдо байланыш операторлору атайын кызматтар трафикти каттоочу жабдууларын орнотуп алуулары үчүн УКМКга өздөрүнүн интернетти кабыл алуу түйүндөрүнө жеткилик ачып бериши керектиги айтылат. Мындан кийин трафик тууралуу маалыматтар УКМКга, андан соң салык органдарына өткөрүлүп турат.

Бул тууралуу кененирээк: УКМК менен Экономика министрлиги интернет трафикке байкоо жүргүзгүсү келет. Бул интернетти толук көзөмөлдөөгө алып келеби же жокпу?