Оштун Араван районунун 18 жаштагы тургуну Үмүтжан Кочкоровдун жансыз денеси 2018-жылдын 12-августунда өз үйүнүн чатырынан табылган. Анын жакындарынын айтымында, Үмүтжанды өзүн-өзү асып алууга мурдагы сүйлөшкөн кызынын ата-энеси жана кайын агасы жеткирген. Кырсык орун алган күнү ал турмушка чыгып кеткен сүйлөшкөн кызы менен жолуккан экен.
Үмүтжан китеп окууга кызыккан, спортту сүйгөн бала болчу. Ал көбүнчө футболго кызыгып достору менен күн алыс ойноп турган. Мектепте да билимге умтулган, дилгир бала эле. Орто билимге ээ болгондон кийин Үмүтжан кесиптик лицейге тапшырат. Ал жакта ширетүүчү адистигине ээ болуп, айылдагы устага жардам бергенче тажрыйба топтоп жаткан. Бош убактысында апасына талаада дыйканчылык кылууга да кол кабыш кылып турган.
11-август таңкы саат 7:00
Үмүтжан тамактанып алып короо иштерине киришет. Түшкө маал күн катуу ысыгандыктан, бир аз эс алып алышы керек эле. Бирок анын ордуна ал автоунааны айдап үйүнөн чыгып кетет.
Эч нерседен кам санабаган апасы уулу менен иштешип жүргөн уста аны чакырып, алар курулуш материалдарын алып келүү үчүн базарга кетишти деп ойлойт.
Үмүтжан түштөн кийин үйүнө келип, апасына таенесиникине барганын айтат. Ал келгенине түшкү тамак даяр эле. Апасы анын жакшы көргөн тамагын жасаганына карабастан, баланын табити жок болуп маанайы суз отурган.
«Дастарконду жайдык, тапчанда отуруп тамактандык. Баламдын жакшы көргөн тамагын жасаган элек, бирок жакшы жеген жок. Дарбыз кесип койдук, аны да жебеди. Бир нерсеге кыжаалат болуп турду, кийин машинаны жууп келем деп кайра чыгып кетти», — деп эскерди ал күндү Үмүтжандын апасы Махфуза Кочкорова.
Ошол күнү Махфуза кант диабети менен ооруп жаткан апасына барууга камданып жаткан. Үйлөрүндө Үмүтжан менен чогуу чоң атасы жана чоң энеси калмак. Ал эми үйдүн кожоюну Орусияга акча таап, иштеп келүү үчүн кеткен эле.
«Өзүмдүн апам кант диабети менен ооруп аткан. Үйдө келин жок болгондуктан түндөсү мен карап жаткам. Үмүтжанга кечки саат 22:22де телефон чалып, чоң атасы, чоң энесин кыжалат кылбай эртерээк үйгө келип жатышын айттым. Макул болуп, айыл борборундагы чайканада балдар менен палоо жеп олтурганын айткан», — деди Махфуза эже.
12-август түңкү саат 03:30
Үмүтжан үйүнө 11-августтан 12не караган түнү кайтып келет. Үйүндө аны кабатыр болуп уктабай жаткан чоң атасы менен чоң энеси күтүп отурушкан. Көзүнө жаш алган бала чоң энесин кучактап, аларды жакшы көрөөрүн айтат. Ошондо алар баланын денесинде кызыл болгон тактарды байкашат. Эмне болду деп сурашса, «баарын эртең айтып берем» деп жуунуп алып бөлмөсүнө кирип кетет. Жакындары достору менен уруша кеткен окшойт деп анын тынчын алышпайт.
Дарбазаны каккылап жаткан үн угулат. Эшикти Үмүтжандын чоң-энеси ачат. Үйгө күтүүсүздөн небересинин мурдагы сүйлөшкөн кызы Гозалайдын ата-энеси Дилмурад Мамиров менен Зухра Мамирова келген болот. Алар Үмүтжан турмушка чыгып бир балалуу болуп калган кызы менен жолукканын айтышат.
«Небереңиз кана? Кайсыл жерге кетти? Кызым менен жолугуп коюптур. Азыр эле качып кетти колубуздан», — деп Гозалайдын ата-энеси айткан дейт Үмүтжандын чоң энеси.
Мындан тышкары, Мамировдор Үмүтжан менен бетме-бет сүйлөшүшкөнүн айтышкан. Гозалайдын жолдошу Орусияда болгондуктан, ал бул кабарды укса кандай абалда калаарын эскертип, алардын небересине абалдан чыгып кетүү үчүн сунуш беришкенин баяндашкан.
«Сен кызымдын алдына эмес, биздин үйүбүзгө уурулукка баргансың. Уурулукту мойнуңа алсаң милицияга беребиз. Аз эле акча менен боштондукка чыгып кетесиң. Эгер уурулукту мойнуңа албасаң кызыбызды бир баласы менен алып келип беребиз, сени менен чогуу жашайт», — деп кыздын ата-энеси небереме айтыптыр дейт чоң энеси.
Ал арада баланын чоң атасы анын бөлмөсүнө кирип барганда, Үмүтжан ал жакта жок болуп чыгат. Сыртка чыгып короо-жайдан чырак менен издей баштайт. Айласы кеткен карыя эмне кылышты билбей турганда кыздын атасы Дилмурад «небереңер тамга чыкпайбы, ошол жакты да карап көргүлө» деген сунушун айтат.
Баланын чоң атасы шаты менен тамга чыга албастыгына көзү жетип Мамировдон карап берүүнү суранат. Гозалайдын атасы тамдын башына чыгып Үмүтжандын асынып алганын көрөт.
«”Жардам чакырыңыздар!” деди. Анан кемпириме айттым, ал кошунанын баласын чакырды. Жипти бычак менен кесишип неберемди шаты менен түшүрүштү. Баланын сөөгүн тапчанга жаткыздык», — деп эскерди каргашалуу күндү Үмүтжандын чоң атасы.
12-август таңкы саат 05:30
Таң атып калганда баланын таенесиникине алардын кошунасы жетип келип Үмүтжандын апасына «тезинен болуңуз балаңыз же кайнатаңыз ооруп калыптыр» деп аны машинасына салып алып кетет.
«Үйгө келсем дарбаза ачык, тез жардам унаасы турган экен. Кайын атам ооруп калган окшойт деп ойлодум, анткени жүрөгү ооруйт эле. Ушундай эле үй жакты карасам тапчандын жанында кайын атам менен кайын энем турган экен, тапчанда болсо балам жатыптыр. Эмне болду деп экен ойлодум. Түнчүндө ичип алган го деп колдорун, эриндерин кармасам жылуу. Бирок моюнундагы жиптин изин байкабаптырмын. “Үмүтжан, Үмүтжан эмне болдуң?” деп кыйкырсам кайын атам “уулуңуз өзүн асып алыптыр” деди. Моюнундагы жиптин изи жарага айланып кетиптир. Пульсун кармадым, жүрөгүнө башымды койдум, балам качан эле жан берген экен», — деп ыйлады эне.
Милициялар келип баланын сөөгүн соттук-медициналык экспертизага алып кетишээрин айтышат. Бирок Үмүтжандын жакындары ага макул болбой, баш тарткандары туурасында арыз жазып беришет.
Ошол эле күнү Орусияда иштеп жаткан Үмүтжандын атасына «улууңуз ооруп калды, тезинен Араванга кайтып келиңиз» деген кабар беришет. Тилекке каршы, атасы уулу менен коштошууга жетишпей калат, Үмүтжандын денеси 12-августта жерге берилет.
«Баламды төрт сааттай кыйнашыптыр»
18-жаштагы алга-күчкө жана максаттарга толуп турган бала эмне себептен өз жанын кыйды деген суроого апасы үч күндөн кийин жооп ала баштайт.
«Баланы жерге бергенден кийин ыйлап отурабыз. Анан кайын атам менен кайын энем окуянын учун чыгара башташты. Гозалай Мамирова деген келиндин кайын агалары баламды түнчүндө кармап урушуптур. Ленин айылына алып барып дагы токмоктошуптур, ошол келиндин ата-энесинин үйүнө алып келип дагы сабашкан экен. Ал жерде баламды төрт сааттай кыйнашыптыр. Анан балам алардын колунан араң качып чыгып үйгө келген экен», — деп улады маекти Кочкорова.
Үч күндөн кийин Орусиядан келген атасы окуянын чоо-жайын угуп, райондук прокуратурага арыз жазат. Бирок прокуратурадан эксгумацияга чейин эч кандай тергөө болушу мүмкүн эместигин айтышат.
Ошол эле маалда, Үмүтжандын ата-энесинин колуна уулунун Гозалайдын ата-энесинин үйүнүн алдында турганы, ал жерде кыздын кайын агасы да болгону тартылган тасма түшөт. Көрсө, Мамировалардын кошунасынын видео байкоо камерасына ошол түндөгү окуя тартылып калыптыр.
«Көзөмөл камераны көргөнүбүздө Үмүтжанжды төрт саатка жакын ошол жерде кыйнаганы, урушканы, бардыгы келип башына уруп, кыздын кайын агасы Озод Абдувалиев аны тебип, Гозалайдын бутунун астына чөгөлөтүп, апасы чачтарынан жулуп, баламдын жүздөрүнө урганы тартылып калыптыр», — дейт Махфуза эже.
Тасманы көргөндөн кийин эле Үмүтжандын ата-энеси уулун эксгумация кылуу чечимин кабыл алышат. Соттук-медициналык экпертиза бала өзүн-өзү асып алгандан каза болгонун аныктаган. Экспертизанын жыйынтыгы менен прокуратурага арыз жазылган.
«Үмүтжанды ур-токмокко алган эмесмин»
Үмүтжанды ур-токмокко алды делген Гозалайдын кайын агасы Озод Абдувалиев окуяны башкача айтат. Август айынын башы, талаада жумуш кызуу жүрүп жаткан учур. Саат үчтөрдө жубайы ага телефон чалып, талаада иштеп жаткан келинине тамак алып барып берүүсүн суранат. Үйдөн тамакты алып талаага келген кайын ага келинин таппай калат.
Талаанын ары жагын, бери жагын карап издей баштайт, анан алыскы бактын астында Үмүтжан менен олтурганын көрүп калат. Гозалайдын кайын агасын көргөн бала качып жөнөйт. Келини болсо ал баланы тааныбай турганын айтып туруп алат. Абдувалиев анын артынан кубалап жетпей, бирок машинасынын номерин жаттап калат.
«Тааныштарынан баланы сүрүштүрүп, номерин таап сүйлөшүп жолуктум. Жакшылап түшүндүрүп коёюн дегем. Биринчи келинимди тааныбайм деп жатты. Телефонунан экөө жазышкан каттар чыккандан кийин моюнуна алып жөн гана бир нерсе бергени барганын айтты. Мен келинимди алып ата-энесинин үйүнө барып, баарын сүйлөштүрүп келинимдин баласы ыйлап калат деп кайра үйгө тез эле кайтканбыз», — деп эскерди ал күндү Абдувалиев.
Ошондой эле ал Үмүтжандын сабалышы жөнүндө айыптоолорду четке кагып, үй-бүлөлүү келин менен жолукканы туура эмес болгонун гана түшүндүрүп коюу максаты болгонун айтат.
«Ал баланы уруп, коркутуу андай нерсе болгон эмес. Жок мен ал балага кол көтөргөн эмесмин, ал баланы урган эмесмин. Эми бул жерде бардыгыбыздын күнөөбүз бар болушу мүмкүн. Алла өзү кечирсин», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Ал эми Гозалай жана анын ата-энеси окуя туурасында интервью берүүдөн баш тартышты.
«Бир жаш айырма»
Үмүтжандын апасынын айтымында, экөө бир айылдан болушат. Гозалай экөө мектеп курагында эле сүйлөшүп, бири-бирине белек берип жүрүшкөн экен. Кийинчерээк Үмүтжан алардын мамилеси туурасында апасына айтат. Ал уулунун Гозалай менен мамиле курушуна каршы чыккан экен. Анткени кыз баладан бир жашка улуу болгон.
Мамилени сактап калуу үчүн Гозалай басмаканадан жасалма ЗАГС кагазын чыгартып Үмүтжанга берет. Кыздын оюнда, жигити ата-энесине көрсөтсө алар эки жаштын баш кошушуна каршылык көрсөтүшпөйт. Бирок экөөнүн мамилесин жасалма кагаз да, алардын сезимдери да сактап кала алган эмес.
Гозалай башка жигитке турмушка чыгып кетет. Бир жумадан кийин Үмүтжанга сүрөттөрүн жиберип, экөө жазышып да жүргөн экен. Бул туурасында уулу апасына айтып бергенден кийин Махфуза эже кыздын ата-энесине барып баарынан кабардар кылат. Андан кийин экөөнүн байланышы үзүлгөн дешет. Бирок келиндин кайын агасы Үмүтжандын телефонун алып караганда Гозалайдын телефондук номерин ал «Жашоом» деп сактап алган экен.
«Мен сиздерге жакшы уул боло албадым...»
Үмүтжандын ата-энесинин арызынын негизинде соттук териштирүүлөр башталып, шектүү катары төрт киши өткөн. Алар: Гозалайдын кайын агасы Озод Абдувалиев, анын иниси Дилмурад Абдувалиев жана кыздын ата-энеси Дилмурад Мамиров менен Зухра Мамирова.
Араван райондук соту 2018-жылдын 28-декабрында иш боюнча өкүм чыгарган. Ага ылайык, шектүүлөр Кылмыш-жаза кодексинин «Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү», «Мыйзамсыз эркиндигинен ажыратуу» беренелери менен күнөөлү деп табылган.
«Ал боюнча бири алты жылга, бири беш жылга, бири төрт жылга жана дагы бири үч жылга эркиндигинен ажыратылып жазалары күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөлсүн деп көрсөтүлгөн. Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесине ылайык, жазалар шарттуу деп эсептелинип, аларга бир жылдан үч жылга чейин сынак мөөнөтү берилген, эгер ошол белгиленген убакытта алар тарабынан башка кылмыш жасалбаса абак жазасынан бошотулушат», — деп билдирди облустук соттун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов.
Мындай чечимге макул эмес болгон Үмүтжандын ата-энеси райондук соттун өкүмүн облустук сотко даттанышат. Бирок, облустук сот алардын арызын канааттандырбай, 2019-жылдын 16-апрелинде райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.
Кочкоровдордун үй-бүлөсү облустук соттун чечиминен кийин акыйкат издөөнү токтотушкан.
«Ата, апа мен сиздерди жакшы көрөм! Мен сиздерге жакшы бала боло албадым, жакшы уул болуп бере албадым... Мени кечириңиздер», — деп Үмүтжан акыркы катын жазып бөлмөсүндөгү сүрөттүн жанына калтырган экен.
Редактору: Элвира Султанмурат кызы