Ош: «Достуктан» цемент ташыган унаалар Өзбекстанга өтө баштады

«Достук» чек ара бекетинде турган унаалар. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / Kloop.kg

Өзбекстан 22-май күнү түштөн кийин «Достук» чек ара бекетинен цемент ташыган унаалардын өтүшүнө уруксат берди. Айдоочулар он күндөн бери коңшу өлкөгө цемент жеткире албай убара тартышкан.

«Өзбекстандын чек ара кызматы саат 14:00дон баштап өтүүгө уруксат берди. Цемент ташыган унаалардын баары чек арадан өттү», — деди билдирди Айдоочулар биримдигинин төрагасы Надыр Токторов.

12-майдан баштап Кыргызстандан Өзбекстанга экспорттолгон цемент «Достук» чек ара бекети аркылуу өткөрүлбөй жаткан. Цемент ташыган унаалардын саны 105ке жетип, аларда жалпысынан 2500 тоннадан ашуун жүк болгон. Коңшу өлкөгө цемент Кызыл-Кыя жана Аравандын заводдорунан экспорттолуп жаткан.

Айдоочулар аларды коңшу өлкө эмнеге себептен чек арадан өткөрбөй жатканын билишкен эмес. Кыргызстандын Бажы кызматынан бул боюнча өзбек бийлигинен расмий билдирүү келип түшпөгөнүн маалымдашкан.

2010-жылы Оштогу июнь окуяларынан кийин Ташкент чек араны бир тараптуу жаап салган. Өзбекстанга каттагандар чек арадан чакыруу телеграммасы менен гана өтүп турушкан. 2017-жылдын сентябрында «Достук» көзөмөл-өткөрмө бекети ачылып, андан өтүү жол-жобосу жеңилдетилген.