«Достуктан» 100дөн ашуун цемент ташыган унаа өтө албай турат

«Достук» чек ара бекетинде турган унаалар. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / Kloop.kg

Оштогу «Достук» чек ара бекетинде он күндөн бери цемент ташыган 105 унаа Өзбекстанга өтө албай турат. Айдоочулар коңшу өлкө эмне үчүн цемент өткөрбөй жатканын билишпейт. Кыргызстандын Бажы кызматынан өзбек бийлигинен расмий билдирүү келип түшпөгөнүн айтышты.

Өзбекстан 12-майдан баштап «Достук» чек ара бекети аркылуу Кыргызстандан экспорттолгон цементти өткөрбөй жатат. Ошол күндөн бери 105 цемент ташыган айдоочу 2500 тоннадан ашуун жүгү менен чек арада турат. Коңшу өлкөгө цемент Кызыл-кыя жана Аравандын заводдорунан экспорттолуп жаткан.

«Кыргызстандын чек ара кызматына кайрылып сурасак [себебин] билишпейт экен. [Цемент] заводко барып кайрылдык, директоруна жолуктук. Алар да эч нерсени билишпейт», — деп билдирди «Клоопко» айдоочулардын бири Илимбек Аттокуров.

Чек арадагы тыюу салуудан улам айдоочулар машиналарда түнөп, күн сайын чыгым тартып жатышканын айтышууда.

«Унаа токтотуучу жайга төлөйбүз, машинада түнөп жатабыз. Мындан ары эмне кылышты билбей турабыз», — деп кейиди айдоочу Василий Куштарёв.

Айдоочулар коомдук бирикмесинин төрагасы Надыр Токторов кыргыз цементине киргизилген чектөөлөр анын баасынын жогорулашы менен байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

«Жыл башында [цементтин тоннасын] 51 доллардан сатышкан экен. Эки-үч айдан бери 58 доллардан болуп калган. Ошонун негизинде Өзбекстан [цементке тыюу салып] коюшу мүмкүн. Эми бул так маалымат эмес. Бизде ушундай шек саноолор болуп атат», — деп түшүндүрдү ал.

Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынан «Клоопко» өзбек бийлигинен цементке киргизилген чектөөлөргө байланыштуу азырынча расмий билдирүү келип түшпөгөнүн кабарлашты.

«Биз тараптан эч кандай тоскоолдуктар болгон жок. Бизге расмий түрдө билдирүү келген эмес», — деди Бажы кызматынын басма сөз катчысы Жаманак Мусурканов.

2010-жылы Оштогу июнь окуяларынан кийин Ташкент чек араны бир тараптуу жаап салган. Өзбекстанга каттагандар чек арадан чакыруу телеграммасы менен гана өтүп турушкан. 2017-жылдын сентябрында «Достук» көзөмөл-өткөрмө бекети ачылып, андан өтүү жол-жобосу жеңилдетилген.

Редакторлору: Айдай Беделбек кызы, Элвира Султанмурат кызы