Милициядан КСДПнын мүчөсүнүн үйүндө «куралчан милиционерлер» болгондугу тууралуу маалымат ырасталбаганын билдиришти

Эрмек Окенов плакат менен юстиция министри Марат Жаманкуловго каршы митингде

Бишкек ШИИБи КСДПнын мүчөсү Эрмек Океновдун кайрылуусу боюнча тергөө ишин токтотту. Ал 13-май күнү үйүмө «укук коргоо органдарынын кызматкерлери автоматтар менен кирип келишип», аялымды суракка алышкан деп билдирген. Суракка алууга Окенов ыктымалдуу кыз зордуктоого шектелиши себеп болгон. Милиционерлер барган учурда КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү өзү үйүндө болгон эмес.

Окенов милицияга арыз жазгандан кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери анын кошуналарын сурашкан. Алар Океновдун үйүнүн жанынан эч кандай машиналарды жана формачан адамдарды көрбөгөндөрүн билдиришкен.

Мындан тышкары, жакынкы кесилиш көчөлөрдө да милиция машиналары байкалган эмес — милиционерлер сырткы видеобайкоо камераларындагы жазылыштарды изилдегенден кийин мындай корутундуга келишкен.

Ошондой эле укук коргоо органдары Бишкектин кайсы бир РИИБсинде Элдар Мукашев иштейт деген маалыматты төгүнгө чыгарышты — Океновдун аялына ыктымалдуу куралчан милиционерлер менен чогуу келген киши өзүн ушинтип тааныштырган экен.

«Тергөө иш-аракеттеринин жыйынтыгы боюнча, Океновдун жана анын аялынын жүйөөлөрү тастыкталган эмес жана кылмыштын жоктугунан улам сотко чейинки өндүрүш токтотулду», — деп айтылат милициянын билдирүүсүндө.

Эрмек Окенов — КСДПнын 2007-жылдан берки мүчөсү. Ал КСДПга караштуу жаштардын демилгесин колдоо боюнча комитетти — партиянын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоп жаткан бөлүгүн жетектейт.

«Акыркы учурларда партияда жигердүү иштеп жатам, күнүгө ондогон жаңы мүчөлөрдү тартам, жаңы платформаларды түзөм, партиянын массалык иш-чараларын өткөрөм [...] дал ушул бийлик менден өч алууну чечти», — деп жазган Окенов 13-майдагы окуядан кийин.