КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү «үйүнө куралчан милиционерлер кирип келишкенин» айтып чыкты. БИИБ муну четке кагууда

Эрмек Окенов плакат менен юстиция министри Марат Жаманкуловго каршы митингде

Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү Эрмек Окенов билдиргендей, 12-майда башка жерде жүргөндө анын үйүнө «укук коргоо органдарынын кызматкерлери автоматтар менен кирип келишип», аялын суракка алышкан.

«Акыркы учурларда партияда жигердүү иштеп жатам, күнүгө ондогон жаңы мүчөлөрдү тартам, жаңы платформаларды түзөм, партиянын массалык иш-чараларын өткөрөм [...] дал ушул бийлик менден өч алууну чечти», — деп жазган Өкенов.

Ал түшүндүргөндөй, ал ыктымалдуу зордуктоо боюнча шектелгендиги үчүн үйүнө тергөөчү жана эки автоматчан киши кирип келген.

Бирок Бишкек милициясы КСДПнын саясий кеңешинин айыптарын четке кагууда. Калаанын Башкы ички иштер башкармалыгынын (БИИБ) басма сөз кызматынан «Клоопко» билдиришкендей, алардын кызматкерлери Океновдун үйүндө тергөө иш-чараларын жүргүзүшкөн эмес.

«Бул окуя түшүнбөстүк жаратууда, себеп дегенде бул жерде чагымдын белгилери бар. [...] Бирок калаа милициясынын каражаттары менен күчтөрү тартылып, ал жерде Окенов менен анын тарапкерлери тарабынан айтылган факт тастыкталган жок», — деп кабарлады Бишкек БИИБинин басма сөз кызматы.

Окенов белгисиз адамдардын үйүнө кирип келиши фактысы боюнча Ленин районунун милициясына арыз жазган. Милиция бул фактты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Эрмек Окенов — КСДПнын 2007-жылдан берки мүчөсү. Ал КСДПга караштуу жаштардын демилгесин колдоо боюнча комитетти — партиянын мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоп жаткан бөлүгүн жетектейт.

Атамбаев өлкө башчылык кызматтан кеткенден кийин КСДПны жетектей баштап, өлкөнүн эң ири партиясында ыдыроо жаралган. Партиянын бир бөлүгү Атамбаевдин мураскери жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбековду колдойт.

Атамбаев менен Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында мурдагы президенттин тарапташтары куугунтукка алына баштаган. Экс-премьер-министр Сапара Исаков Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупция боюнча айыпталууда, ал эми борбор калаанын мурдагы мэри Кубанычбек Кулматовду Бишкектеги мектептин курулушунда кытайлык грантты сарптоодогу коррупцияга айыпташууда.