Иллюстративдик сүрөт. Kloop.kg үчүн жасаган Татьяна Зеленская

Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Кыргызстандын бийлигинин өлкөдөгү кыз-келиндердин коопсуздугун камсыздоо боюнча иши тууралуу баяндама жарыялады. Укук коргоочулардын баяндамасы ала качуунун курмандыгына айланып каза тапкан Бурулай Турдалы кызынын өлүмүнүн жылдыгына карата жарыяланган.

2017-жылы кыргыз бийлиги аялдарды жана балдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоо тууралуу мыйзам кабыл алышкан, бирок, «мыйзамдын начар укук колдонулуучу иш-тажрыйбасынын» айынан алардын көбү бүгүнкү күндө да зомбулук коркунучунун алдында алсыз бойдон калууда.

«Бурулай Турдалы кызы киши колдуу болгондон кийин бир жыл өтсө да өкмөт кыз-келиндердин өмүрлөрүн сактап кала турган мыйзамдардын аткарылышы үчүн мүмкүн болушунча бардык чараларды көрбөй койгон жагдайы нааразы кылат. Мыйзамдарды кабыл алуу — биринчи жакшы кадам, бирок бул реалдуу коргоону камсыз кылуу үчүн өтө эле жетишсиз», — деп эсептейт HRWнын аялдар укугу боюнча иликтөөчүсү Хиллари Марголис.

Бийлик аялдарды «натыйжасыз» коргоп жатат

Ошондой эле Кыргызстандын өкмөтү 2017-жылы үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана көзөмөлдөө кызматын түзүшү керек эле, бирок бул азыркы убакка чейин ишке ашпай келүүдө.

Укук коргоочулар күч түзүмдөрүн зордуктоодон жабыркагандардын арыздарына жакшыраак реакция кылууга, ал эми сотторду күнөөлүүлөрдү адилеттүү жазалоого чакырышты.

Кыргызстандын ИИМинин маалыматына ылайык, 2019-жылдын алгачкы үч ай аралыгында милицияда үй-бүлөлүк зомбулуктун 2701 учуру катталган жана алардын үчтөн экиси физикалык зомбулукка байланыштуу. Укук коргоочулар Кыргызстанда ала качуу тууралуу расмий маалыматтардын жана үй-бүлөлүк зомбулук болгон учурлардан алынган жаракаттар боюнча статистиканын жоктугуна нааразы.

HRW Кыргызстанда 2019-жылдын январынан тарта аракетке кирген Жоруктар жөнүндө кодекстин киргизилишин «позитивдүү» деп атады. Документте үй-бүлөлүк зомбулук үчүн кылмыш жазасы каралган, ал эми мурда болсо мындай учурлар болгону административдик жазалоого гана алып келчү.

Анткени менен укук коргоочулардын ою боюнча, мыйзамда «опурталдуу көйгөйлөр калууда», ал эми бийликтин кыз-келиндерди коргоо боюнча иш-аракеттери «натыйжасыз жана ыраатсыз».

Мисалга, 2017-жылдан тарта үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктары кайтаруу ордерин ала алышат — бул документти милиция берет жана ал зордукчуга өзүнүн курмандыгына жолоого жана сүйлөшүүгө тыюу салат.

Бирок HRWнын укук коргоочулары өлкөдө кайтаруу ордерлердин системасы талапка ылайык иштебей жатканын айтышууда. Зомбулуктан жабыркагандар үчүн бийликтин коргоосун алуу дагы деле кыйынга турууда.

«Жада калса эгер крдоочу эмне кылбашы керектигин жазып берип, үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгына [ордер] берген күндө деле маанисиз, [алар үчүн] бул жөн эле кагаз», — деп билдирди Оштогу кризистик борбордун жетекчиси.

Ошондой эле Жоруктар жөнүндө жаңы кодексте тараптардын элдешүүсү каралгандыктан, Кыргызстанда дагы желе үй-бүлөлүк зомбулук жана ала качуу учурлары жазасыз калууда.

«Кыргызстандын өкмөтү кыз-келиндердин тагдыры үчүн жоопкерчиликтен буйтап кетүүгө акысы жок. Бул учурда мыйзам кепилдеген коргоону күтүүгө жетишпей калган башка аялдар жана кыздар да Бурулайдын тагдырына кабылып калышы ыктымал», — деп билдиришет HRWдагылар.

Кыргызстандагы зомбулуктун масштабы

2017-жылдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда качандын бир никеде болгон ар бир төртүнчү аял жеке керт башына тийген зомбулуктун курмандыгы болгон. Дагы 18 пайызы жыныстык жана сезим жагынан зомбулукка туш болушкан.

Зомбулукка кабылган аялдардын жарымынан көбү денесине зыян тийгенин айтышкан. Аялдардын 5тен 2си гана андан кийин жардам сурап кайрылган. 98 пайыз учурларда зомбулукту күйөөсү же мурдагы күйөөсү кылат.

2017-жылы милиция үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга 7323 кайтаруу ордерин берген. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2016-жылы 6823 жабырлануучу жардам сурап кризистик борборлорго кайрылган.