Кадамжайда 2017-жылдын августунда 16 жаштагы Мафтуна Тургунова өз үйүндө «зордукталган». Кылмышка Өзбекстандын 30 жаштагы Алимардан Саттаров аттуу жараны шектелип кармалган. Тергөөдө алар жыныстык катнашка өз макулдуктары менен барышкандыгы аныкталып, кылмыш иши жабылып калган. Мафтунанын ата-энеси эки жылдан бери акыйкат издөөдө.

Үстүбүздөгү жылдын май айынын башында жалпыга маалымдоо каражаттары Кадамжайда жашаган 16 жаштагы кыз Өзбекстандын жараны тарабынан «зордукталып», бирок кылмыш иши жабылып кеткендиги боюнча маалымат тараган.

Аталган окуянын чоо-жайын билүү үчүн «Клооп» кыздын ата-энесинин телефон номерин таап байланышты. Телефондон кыздын атасы чындыгында мындай окуя болгонун тастыктап берди. Окуяны жеринде барып чагылдырууга макулдуктарын сураганыбызда бир сааттан кийин жооп берээрин айтты. Кайра байланышканыбызда Мафтунанын ата-энеси эки жылдан бери тынчын алган көйгөйдү коомчулуктун назарына чыгарууга макул болушту.

Ошентип Кадамжай районуна жол тарттык. Райондун борборуна жеткен соң кыздын атасы айткан даректи жергиликтүүлөрдөн сураштырып олтуруп, кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан Разьезд айылына кирип бардык.

Айылдын кире беришиндеги кыргыз чек ара бекетинин жанынан бизди Мафтунанын атасы Халим Кенжеев тосуп алды. Андан ары темир жолду аралап, алардын үйүнө карай бастык. Жарым жолдо бизди утурлай чыккан, кара көз айнекчен (окуядан соң, ал дайыма көз айнекчен жүрүп калган) Мафтуна жана анын апасы менен жолуктук. Баарыбыз чогуу окуя болгон турак үйгө кирип келдик.

Окуя болгон үй

«Бакырып, чакырсаң өлтүрөмүн, соёмун»

Эски, чакан там турат. Үйдүн дубалдарында жаракалар кеткен. Терезе-эшигинин боёктору сыйрылган. Короодо Мафтунанын инилери ойноп жүрүшөт. Сөздү эмнеден баштаарды билбей, терең ойго батып эки жыл мурунку окуяны эстегиси келбегендей түр калтырып, оор үшкүрүнүп үйдүн четинде Хамида Дадабаева олтурат. Бир саамга жымжырттык орун алды. Эне өзүн колго алган соң окуяны баяндоого киришти.

2017-жылдын август айынын башы. Мафтуна 9-классты аяктап, ата-энесине жардам иретинде чек арадагы ашканалардын биринде официант болуп иштеп жаткан. Анткени, үй-бүлө атасынын майыптыгы боюнча алган пенсиясы менен гана күн кечирүүгө аргасыз болгон.

«Окуя 8-август күнү болуптур. Ал [кызым] башка бөлмөдө, биз башка бөлмөдө жатат элек — кичүү балдарымдын жанында. Бул окуяны көрбөй да, билбей да калдым. Эч нерсени байкабай калганым үчүн күнөөлүмүн», — деп башын жерге салды Дадабаева.

Ал арада короонун кире беришинде турган Мафтуна апасынын окуя боюнча сөз кылып жатканына ачууланып, батыраак аяктоосун айтып, шаштырып жатты.

Өспүрүм кыздын ата-энеси кызынын белгисиз эркек киши менен жыныстык катнашка баргандыгы туурасында кошуналарынан угуп калышат. Окуядан бир нече күн өткөн соң апасына айылдаштары келип окуя болгон күнү тартылган тасма WhatsApp мессенжери аркылуу тарап жатканын айтышат. Жети уктап турса да мындай окуя түшүнө кирбеген эне эс учун жоготуп, асманы аңтарылат. Ата-эне видеогу көрүнүш жалган, жаңылыштык болуп калышын тилеп, кыздын өзүнөн сурашат. Мафтуна мындай окуя болгонун тастыктап ыйлап кирет.

Хамида Дадабаева

«Кызымды [ата-энеңди] “бакырып, чакырсаң өлтүрөмүн, соёмун” деп коркуткан экен. Айта албады кызым», — деп кейиди эне.

«Бирге жаттык… Эки жолу»

Тасма тарап кеткенден кийин ИИМдин өкүлү Шер Мамасаитов шектүү адамдын артынан түшүп, анын өздүгүн аныктайт. Андан соң аны таап суракка алат. Сүйлөшүү тасмага жаздырылат.

[Алимардан Саттаров],1989-жылы 17-ноябрда туулгам. Өзбекстан Республикасынын Фергана облусундагы Пармон кыштагынан болом.
— Кыргызстанда эмне кылып жүрөсүз?
Иш менен келдим. Өзбекстанга цемент ташып жүрөбүз.
— Эмне иш кылып жатасыз аны менен?
Бирге жаттык.
— Канча жолу жаттың?
Эки жолу.
— Зордуктап жаттың да ээ..?
Зордуктап эмес, [макулдугун] алып.
— Канча жашта ал кыз?
16 жашта. 
— Эмне себептен ал кыз менен жыныстык катнашта болуп жүрөсүз? Жашы жете элек кыз болсо.
Жаштык кылыптырмын да.

Андан кийин Мамасаитов кызды да суракка алат. Кыз кыскача жооп берет: «Ал жүк ташуучу унаа айдайт. Зордогон, үйлөнөм деген, келип турган».

Милиционер суракка алынган тасманы жана жыныстык катнаш тартылган видеону тиркеп, окуяны иликтөө үчүн ишти 2017-жылдын 15-августунда Кадамжай райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүп берет.

Мафтуна Тургунова

«5 миң долларга бааланган тагдыр»

Ал арада ата-эне Үч-Коргон аймактык милициясына кайрылышат. Андан соң райондук милицияга арыз жазышат. Кийинчерээк иш жабылып, зордуктоого шектелип кармалган Өзбекстандын жараны Алимардан Саттаров эркиндикке чыгарылганын угушат.

«Кадамжай районунун милициясына кайрылганбыз. Алар тергөөнү Үч-Коргон аймактык милициясы жүргүзөт дешти. Бул жакка келсек өздөрү баш тартуу арызын даярдап коюшуптур. Бизди жазыпсыңар деди. Биз жазган жокпуз да. Кайра Кадамжай милициясына барып сурасак прокуратурага арыз жазасыңар дешти. Анан эле эки күндөн кийин Саттаровду эркиндикке чыгарап жиберишти деп уктук», — дейт кыздын атасы Халим Кенжеев.

Халим Кенжеев

Кызынын тагдыры талкаланганына күйгөн эне, Алимардан Саттаровдун туугандары аркылуу милиционерлерге 5 миң доллар берип бошотулган экен деп ыйлайт.

«Ал баланын бул айылда туугандары бар. Алар милицияга 5 миң доллар берип, Кыргызстандан чыгарып жиберишти деп уктук. Ошондо менин кызымдын тагдыры 5 миң долларга бааланып сатылып кеттиби?!» — деп суроо салат Дадабаева.

Аталган кабарды угушкан соң ата-эне Кадамжай райондук милициянын эшигин каккылашат. Бирок ал жактан аларды этибарга албай коюшат. Карапайым үй-бүлө укук коргоо органдары ишти алардын жашоо шартына карап жаап коюшкан деп ойлойт.

«Эми биз ушундай болуп кала беребизби? Кызымдын тагдыры эмне болот? Саттаров жазасын алышы керек эле. Мындай окуя кайталанбайт деп ким кепилдик берет?» — деп көзүнө жаш алат эне.

«Жыныстык катнашка өз эрктери менен барышкан»

Баткен ОИИБнин басма сөз катчысы Кайрат Мамуров «Клоопко» билдиргендей, Мафтуна Тургунованын арызы боюнча тергөө иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгы менен тараптар жыныстык катнашка өз эрктери менен баргандыгы аныкталган.

«Эки тарапты тең суракка алганбыз. Тергөөнүн жүрүшүндө эки тарап тең өз макулдуктары менен жыныстык катнашка барышканын айтышкан. Кыздын денесинде эч кандай тактар болгон эмес. Күч колдонулган эмес. Ошондуктан бул иш жабылган болчу», — деп айтты Мамуров.

Басма сөз катчы милиционерлер Өзбекстандын жараны Алимардан Саттаровду боштондукка чыгарганы үчүн 5 миң доллар алышкан деген маалыматты четке какты. Ал эки жыл мурда жабылып калган иш ЖМКлар жазып чыккандан кийин кайра жанданганын белгиледи.

«Клооп» Мамуровдон соттук-медициналык экспертизаныны корутундусу менен иш жабылгандыгы тууралуу токтомду сураганда аны тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн бере албастыгын айтты.

Окуя болгон үйдүн короосу

«Иш милициянын аракетсиздигинен улам жабылган»

Хамида Дадабаева окуя болгон күндөн эки жыл өтсө да азыркы күнгө чейин санаасы тынчыбай жатканын айтат. Кызынын тагдырына балта чапкан адам жазасын албай эркиндикте жүргөнү анын жүрөгүн оорутат. Акыйкаттан үмүтүн үзбөгөн ата-эне укук коргоочу Роза Мамановага жардам сурап кыйрылат.

Маманова ишти өз алдынча иликтеп баштап, жүк ташыган айдоочуларга барып Алимардан Саттаров туурасында маалымат чогултат. Айдоочулар Саттаров өспүрүм кыз менен сексуалдык мамиледе болгонун билишкенин айтышкан экен. Окуя болгон күндөгү тасманы да Саттаров өзү тартып, сөзү кургак болбошун далилдеш үчүн жоро-жолдошторуна жиберген экен.

Мындан тышкары, укук коргоочу зордуктоо боюнча топтолгон иш кагаздар менен таанышып чыгып, бир катар мыйзам бузууларды аныктаганын билдирди.

Роза Маманова

«Кадамдай РИИБинин тергөөчүсү Азек Жумабаев ишке көңүл кош мамиле жасаган. Мафтуна Тургунова өспүрүм болгондуктан, иш-чаралар өспүрүмдөр боюнча иштерди жүргүзгөн балдар инспекторлору менен биргеликте жүргүзүлүшү керек болчу. Гинекологиялык экспертиза жасалган эмес. Болгону денесинде жараат жок деп туруп, кылмышты жаап коюшкан. Алимардан Саттаров күнөөнү толугу менен мойнуна алса дагы, кылмыштын курамы жок деп аныкталып жатат», — дейт ал.

Анын айтымында, өспүрүм кызга карата кылмыш жасалгандыктан райондук прокуратура ишти өз көзөмөлүнө алышы керек эле. Бирок көзөмөл органдан ведомствого жабырлануучу тараптан арыз түшпөгөнүн билдиришти.

«Бул жерде прокуратуранын дагы шалаакылыгы бар. Ал эми иш милициянын аракетсиздигинен улам жабылган. Азыркы күндө акыйкат издеп Кыргызстандын президентине, Башкы прокуратурага, Өзбекстандын президентине, Ички иштер министрлигине, Башкы прокуратурасына кайрылуу катын жолдодук», — деп маалымдады укук коргоочу.

Башкы прокуратурадан 24-майда кайрылуу келип түшкөнүн тастыкташты. Бирок иштин чоо-жайы боюнча кеңири маалымат бере алышкан жок.

«Кийимдеримди чечип видеого тартты»

Маманова бул иш боюнча Кадамжай РИИБинен алган кагаздары менен бөлүштү. Анда ИИМдин кызматкери Шер Мамасаитовдун арызы, Мафтуна Тургунованын жана Алимардан Саттаровдун түшүнүк каттары жана милициянын иш боюнча чыгарган токтому бар экен.

Алимардан Саттаров түшүнүк катында Мафтуна менен сексуалдык мамиледе болгонун мойнуна алган. Ал кыз менен чек ара бекетиндеги ашканада таанышканын, кийинчерээк телефон аркылуу сүйлөшүп турушканын айткан.

«2017-жылдын 8-августунда саат болжол менен 02:30 чамасында мен автоунаамда цемент жүктөп Разьезд айылына келдим. Ага чейин мага Мафтуна телефон чалып турду. Келгенден кийин мени күтүп алып үйүнө алып барды, биз кирген бөлмөдө эч ким жок экен, үйгө киргенде Мафтуна эшикти ичинен жапты. Телефонумду күйгүзүп аны видео тасмага тартып турдум. Мафтуна кыз эмес экен. Арадан 3-4 күн өткөндөн кийин кайрадан темир жолунан жолуктум. Ал жерде дагы өз каалообуз менен жыныстык катнашта болдук», — деп жазган түшүнүк катында Саттаров.

Мафтунанын түшүнүк катында Саттаров аны жыныстык катнашка зордоп бардырганын баяндаган: «Ал мени коркутту. Кийимдеримди чечип видеого тартты. Кийин темир жолунан кезиктик. Ал мени коркуткан».

Соттук-медициналык экспертизанын 2017-жылдын 18-августундагы корутундусуна ылайык, Мафтуна Тургунованын денесинде эч кандай жараат жоктугу аныкталган. Анын кыздык белгиси окуя болгонго чейин бузулгандыктан, [зордуктоо фактысын] аныктоо мүмкүнчүлүгү болгон эмес деп жазылган.

«Эгерде Мафтуна Тургуновага карата зордоо аракеттери болгондо, ал өзүнүн үйүнө Алимардан Саттаровду алып келбей, ага карата коркутуу аракеттер жасалганда жардамга чакырууга, каршылык көрсөтүүгө жана башка аракеттериди жасоого толук мүмкүнчүлүгү болуп туруп, аны колдонбой өз ыктыяры менен Алимардан Саттаров менен жыныстык катнашта болушкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен окуяда кылмыштын курамы болбогондуктан, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынууга жатат», — деген негизде кылмыш иши 2017-жылдын 24-августунда жабылган.

Мафтуна Тургунова

«Оор кылмыштарды жабууга да, кыскартууга да болбойт»

Азиза Абдирасулова

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова өспүрүм кызды зордуктоого шектелген адам жоопкерчиликке тартылышы керек болчу деп эсептейт. Мындан тышкары, адистер өз убагында кызга моралдык жактан колдоо көрсөтүп, анын кадимки жашоого кайтаруу үчүн аракеттер жасалышы керек эле дейт: «Кыздын жашы жете элек экендигин эске алуу керек эле. Өз макулдугу менен болгондо дагы өспүрүм кыз менен жыныстык катнашка баргандын жоопкерчилиги бар. Айыпталуучу жоопкерчиликке тартылышы керек болчу».

«Мен жана мыйзам» юридикалык компаниясынын юристи Болот Баетов «Клоопко» зордуктоо оор кылмыштарга кирээрин айтты. Ал факт катталгандан кийин жабырлануучу мыйзамдуу өкүл менен камсыздалууга тийиш эле деп билдирди.

«Мыйзамда жашы жете электерди мамлекет өзүнүн коргоосуна алат деп көрсөтүлгөн. Демек мындай жагдайды алып караганда, сөзсүз түрдө шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилиш керек болчу. Башка өлкөнүн жараны болсо да, окуя кайсыл жерде катталса, ошол жерде тергөө иштери жүргүзүлөт. Оор кылмыштарды жабууга да, кыскартууга да болбойт», — дейт Баетов.

Анын айтымында, Жазык кодекси боюнча зордуктоого айыпталгандарга 15 жылдан өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Болот Баетов

«Кызым эми гана өзүнө келе баштады»

Мафтуна апасы Хамида Дадабаева менен Өзбекстандын Фергана облусунан Кыргызстанга 2004-жылы көчүп келишкен экен. Буга Дадабаеванын Кадамжай районунун кыргыз-өзбек чек арасы менен чектешкен Разъезд айылынын тургуну Халим Кенжеевге турмушка чыкканы себеп болгон.

Хамида Дадабаева окуядан соң кызы үйдөн чыкпай, түнт болуп, эч ким менен сүйлөшпөй, эртеден-кечке бөлмөсүндө отурууну адатка айлантканын айтат. Көп өтпөй апасы аны Өзбекстандын Фергана облусундагы эжесинин үйүнө алып барып таштап келген.

«Ал жакта эжемдер Мафтунаны психологдорго алып барышты. Күн сайын убактыларын бөлүп, кызым менен сүйлөшүшүп, араң өзүнө келтиришти. Кызым эми гана өзүнө келе баштады», — дейт Дадабаева.

Таежесинин колунда жүргөн Мафтуна орто мектепти аяктап, мамлекеттик сынактарды тапшырып жаткан кези. Окууну бүтүрүп мугалим болом деп кыялданат.

Биздин Мафтуна менен маектешели деген аракетибизден майнап чыккан жок. Ал окуяны эстегиси келбегенин айтып, «Алардын да кызы бар. Кыздарынан көрүшсүн. Мен баарын жек көрөм» — деп гана тим болду.

Мафтуна ошол эле күнү кайра Өзбекстанда жашаган таежесинин үйүнө жөнөп кетти. Ал окуя болгон аймакта жашагысы келбейт. Анткени, анын бөлмөсү, айыл жана чек ара бекети окуя болгон түндү эстетип турат.

Сүрөттөрдүн автору: Адилет Абдырасул уулу
Редактору: Элвира Султанмурат кызы