Депутат Матраимов «Азаттыктын» иликтөөсүнө жооп берди. Негизгилери

Депутат Искендер Матраимов. Сүрөт: парламенттин басма сөз кызматы

Парламентарий Искендер Матраимов Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткени тууралуу билдирген журналист Али Токтакуновдун «Азаттыктагы» иликтөөсүнө комментарий берди. Токтакуновдун версиясы боюнча, буга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу ыктымал. «Клооп» депутат Матраимовдун билдирүүсүн кыскача баяндап берет:

«Азаттык» иним Руслан Матраимовду, карындашым Чынара Матраимованы тастыкталбаган маалыматтарга жана анонимдүү булактарга таянып, алар жасабаган иштер үчүн айыптаган. Иликтөөдө алар абдан көп так эместиктерге жана ашыра чоӊойтууларга жол беришкен. Материалда менин дээрлик бардык бир туугандарыма карата биздин ысымыбызды булгаган айыптоолор бар.

Айэркин Саймаити — чет өлкөгө акча жөнөтүүлөрү керек ишкерлердин арасында жетишерлик белгилүү адам. Матраимовдордун Саймаити менен да, Бумаилиамуну менен да эч кандай байланыштары же алака-катнаштары жок. Чет өлкөгө которулган $ 250 млн. долларга да биздин эч кандай тиешебиз жок.

Иликтөөдө ошол акчалардын бизге таандыктыгы жөнүндө жүйөлөр келтирилген эмес. «Ысмайил ата» атындагы фондуна келип түшкөн бардык каражаттарды текшерип чыгып, биз кайсы бир Вуфули Бумаилиамунудан «Азаттык» жар салгандай дегеле $2,3 млн. доллар эмес, $200 миӊ долларга чукул өлчөмдөгү сумма келип түшкөнүн билдиребиз. Бирок, Бумаилиамуну бул акчалардын ээси болуп саналбайт. Атап айтканда, ким акчаларды кайыр-садака кылганын угузуу үчүн жөнөткөн адамдан эл алдында ал каражаттарды кандай муктаждыктарга кайыр-садака кылганын тастыктоосун сурандым.

Менин жана аялымдын «АКА Петролиумдун» ээлери менен эч кандай алакаларыбыз жок, аялым 2017-жылдан баштап «Автостолица» компаниясынын жарымына гана ээлик кылат. Менин жубайым 1995-жылдан бери бизнес менен алектенет. Чынара жана Руслан Матраимовдор бажыкана иштерине азыр дагы кийлигишпейт, Раимбек Матраимов МБКда иштеп турган мезгилде дагы кийлигишкен эмес. «Ихлас» курулуш компаниясына тиешебиз жок, бирок үй курулуп жаткан жер тилкеси бизге таандык.

«Азаттык» бизди тиешебиз жок акчаларга байлап туура эмес кылды. Мен жана айрым бир туугандарым мамлекеттик кызматта элге кызмат өтөшсө, башкалары жумушчу орундарды түзүү менен кызмат кылышат. Иним Раимбек [2017-жылы «Азаттыктын» журналисттери табышкан] үйүн катардагы инспектор кезинде 2003-жылы сатып алган. Мунун баары экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айтуусунан башталды. Анын жардамы менен бүткүл үй-бүлөбүздү каралоого активдүү аракеттенип жатышат.

Эгерде менин иним [Райымбек] кылмыштуу бир нерсеге аралашкан болсо, эмне үчүн [экс-премьер] Исаков да, Атамбаев да анын ишинен эч кандай мыйзамсыз нерсе табышкан эмес? Эгерде Исаков иним мыйзамды бузган деп эсептесе, ал аны бошотууга эмес, жоопкерчиликке тартууга тийиш болчу. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков менин инимдин мүлкүн объективдүү жана ар тараптуу изилдөө үчүн бардык шарттарды түзүп берээрине абдан үмүттөнөм.