Баткен: Ак-Сай — Тамдык унаа жолунун курулушун улантууга 70 млн сом бөлүндү

Ак-Сай—Тамдык унаа жолунун курулушунун схемасы. Сүрөт: өкмөттүн сайтынан алынды

Кыргыз өкмөтү Баткендин Ак-Сай — Тамдык унаа жолунун курулушун жандантууга 70 млн сом бөлдү. Буга чейин аталган жолдун курулушунун айынан кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан.

Баткен облусунундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «Клоопко» билдиргендей, өкмөт чек арага чектеш Ак-Сай айылынын инфраструктурасын жакшыртууга 220 млн сом бөлдү.

Аталган каражаттын 70 млн сому Ак-Сай — Тамдык жолунун курулушун улантууга, ал эми 80 млн сом Ак-Сай — Рават каттамын салууга жумшалат. Калган суммага Ак-Сай айылына суу чыгарууга, жергиликтүү мектепти оңдоо жана коңшу Капчыгай, Ак-Татыр айылдарына жаңы бала бакча куруу каралган.

Кыргызстандын Аксай айылы менен Тажикстандын Ворух анклавынын жашоочуларынын ортосунда Ак-сай—Тамдык айланып өтүүчү жолунунун курулушунан улам 13-мартта чыр чыккан.

Ворухтун тургундары бул жолдун курулушуна каршы чыгышкан, анткени алардын пикири боюнча, жол Тажикстан менен Кыргызстандын талаштуу жер тилкелери аркылуу өтөт. Ал эми кыргыз бийлиги болсо жолдун курулушу Кыргызстандын аймагында жүрүп жатканын билдирип келет.

Көк-Таш—Ак-Сай — Тамдык—Кишемиш айланма жолунун курулушу 2014-жылы башталган. Аталган каттам Тажикстандын Ворух анклавын айланып өтүп, Кыргызстанга караган Кишемиш жайлоосуна алып барат. Жолдун узундугу 25 чакырымды түзгөн. 13-марттагы ызы-чуудан кийин айланып өтүүчү жолго дагы төрт чакырым кошулган. Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, жолдун 21 чакырымы салынып бүткөн.

Кыргызстандын жана Тажикстандын аймактарында тактала элек жер тилкелери көп. Бул чек арага жакын аймактарда толкундоолордун чыгышын шарттап келет. Эки мамлекеттин жергиликтүү тургундары сууну пайдалануу жана чек арадан мыйзамсыз өтүү маселелери боюнча байма-бай чатакташып келишет.