Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгып, кыргызстандык жараат алды

Баткендеги буулган жол. Сүрөт: Гүлгакы Мамасалиева / Facebook

Баткен облусунун Аксай айылында Кыргызстан менен Тажикстандын жарандарынын ортосунда чыр чыкты. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, бир тургун жараат алып, дагы бир кыргызстандыктын үйү өрттөнгөн. Учурда эки тараптан чогулган 200дөй адам чек ара тилкесинде турат.

Материал 14-март күнү, саат 10:12де жаңыланды

Чыр Баткен облусундагы Аксай айылынын жана Тажикстандын Ворух анклавына караштуу Мехнатабад айылынын жашоочуларынын ортосунда, Кыргызстандын аймагында чыккан.

Кыргыз чек ара кызматынын маалыматына ылайык, чырдашуу толкуну 15:30 чамасында Кыргызстан куруп жаткан Аксай — Тамдык унаа жолу себептүү жүз берген. Ворух анклавындагы Тожикон айылынын башчысы Гафуржон Журнав «Азаттыктын» Тажик кызматына маалымдагандай, Ворух анклавынын жарандары чек араны демаркациялоо жараяны бүткөнгө дейре унаа жолдун курулушун жандандырбоону талап кылып жолду бууп коюшкан.

Чырдашуунун жүрүшүндө 50 чакты кыргызстандык жана 70тей тажик жараны бири-бирине таш ыргытышканын маалымдады чек ара кызматы.

«Бир кыргызстандык жараат алып, Баткен облусунун Самаркандек ооруканасына жеткирилген. Мындан сырткары, тажик тараптагылар жергиликтүү кыргыз тургундун үйүн өрттөшкөн», — деп билдиришти чек ара кызматынан.

Мекемеден кошумчалашкандай, азырынча кыргызстандыкты эмне менен жарадар кылышканы жана ок атуу куралы «колдонулгандыгы» тууралуу так маалымат жок.

Барымтага алуу жана ок атышуу

Аксай айылынын тургуну Алибек Сабировдун айтымында, чыр Тажикстандын жарандары төрт же беш кыргызстандыкты барымтага алып, ошондой эле Аксай — Тамдык жолун бууп койгондон кийин башталган. Андан соң чек арага жакын аймакка Кыргызстандын Аксай айылынын 100дөй тургуну чогулган.

«Эки тарап бири-бирине таш ыргыта башташты. Алар бизге салыштырмалуу көбүрөөк эле. Эки өлкөнүн чек ара кызматкерлери бар болчу. Азыр абал туруктуу, бирок таң атканча ушул жерде болобуз. Себеби бизге коопсуздук керек», — деди ал «Клооптун» журналистине курган маегинде.

Коңшулаш Ортобоз айылынын тургуну Махпирет Калматова «Клооптун» журналистине курган маегинде, саат 18:30 чамасында Аксай айылы тараптан октун үнүн укканын билдирди.

«Ким тараптан ок атылганын билбейм. Балким чек ара кызматкерлери элди тынчтандыруу үчүн аткандыр. Өрт өчүрүү машинасын көргөндөн кийин аялдар балдары менен үйлөрүнөн качып чыгышты. Эркектер болсо айылда калышты», — деди ал.

Анын айтымында, алар мындай чырдашууларга көнүп калышкан, үйлөрүнө эртең, абал тынчыганда кайтышат.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, учурда эки тараптан чогулган 200дөй адам чек ара тилкесинде турат. Чырдашкан тараптар таркай элек. Мекеме абалды «чыңалган» деп баалоодо.

Окуя болгон жерде эки өлкөнүн чек ара кызматкерлери жана Баткен облусунун укук коргоо органдары бар. Алар абалды жөнгө салууга аракеттенүүдө.

Баткен облустук чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасында күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өттү.

Жолдун курулушу

Көк-Таш — Ак-Сай — Тамдык жолунун курулушу 2013-жылдын апрель айында башталган. Ал 326 млн сомго бааланып, узундугу 24,5 чакырымды түзмөк. 2015-жылы жарымы гана аяктаган курулуш иштери талаштуу аймактар себептүү токтотулган.

Бул жол стратегиялык жактан абдан маанилүү деп эсептелет. Анткени анын курулуп бүтүшү менен Аксай, Самаркандек жана Ак-Татыр айылынын тургундары Тажикстандын Варух анклавын аралап өтпөй туруп, Баткендин башка райондоруна түз каттап калат.

Ворух — Тажикстандын эки анклавынын бири: Кыргызстандын Баткен облусунда жайгашкан. Аталган аймак Советтер союзу таркагандан кийин, эки өлкөнүн анклав менен байланыштуу талаштары себептүү пайда болгон. Ал эми кыргыз-тажик чек арасынын демаркациялоо иштери азыркыга чейин бүтпөй келет.

Талаштуу аймактардан улам чек арага жакын айылдарда байма-бай чыр-чатактар болуп турат. Чырдашуулардын күчөшүнө Көк-Таш — Аксай — Тамдык жолун куруу иштери себеп болууда.

Редакторлору: Гүлжан Эшбаева, Элвира Султанмурат кызы, Айдай Беделбек кызы, Анна Капушенко