Кыргызстан менен Кытайдын башчылары эмне тууралуу айтышты?

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана КЭРдин башчысы Си Цзиньпин. Сүрөт: Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматы

Кыргызстан менен Кытай өлкөлөрүнүн башчылары бири-бири менен 13-июнда Бишкекте жолугушушту. Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Ал андан кийин Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) отурумуна катышат.

Өлкө башчылары инвестициялык кызматташтык жана өнөктөштүк тууралуу 20га чукул эки тараптуу макулдашууларга кол коюшуп, бир нече билдирүүлөрдү жасашты.

Сооронбай Жээнбеков:

Тайвань — бул Кытайдын ажырагыс бөлүгү. Жээнбеков «тайвань маселеси» боюнча Кыргызстандын позициясын дагы бир жолу тастыктады. Кытай бийлиги Тайвань аралын өз өлкөсүнүн бир бөлүгү деп эсептейт, бирок тайвандыктар эгемендүү болгулары келишип, өз өкмөтүнө баш ийишет — Кытай Республикасына. Тайвандын эгемендүү макамын 17 өлкө тааныган.

«Тайвань Кытай территориясынын ажырагыс бөлүгү болуп саналат, ал эми Кытай Эл Республикасынын өкмөтү – бүтүндөй Кытайдын атынан сүйлөгөн жалгыз мыйзамдуу өкмөт», - депбилдирди Сооронбай Жээнбеков.

Этникалык азчылыктар — Кытайдын ички иши. «Кытайдын улуттук азчылыктарына тиешелүү маселеси Кытайдын жеке ички иши болуп эсептелет. Аталган маселеде силердин позицияңарды колдой турганымды өзгөчө белгилегим келет», — деди Жээнбеков.

Укук коргоо уюмдары Кытайдын бийлигин этникалык уйгурларды, казактарды жана кыргыздарды куугунтуктоого жана «кайра тарбиялоочу лагерлерге» камоого айыпташууда. Human Rights Watch (HRW) уюмунун маалыматына ылайык, мындай лагерлерде 1ден 3 миллионго чейин киши орун алган жана аларга карата физикалык жана психологиялык кыйноолор колдонулат.

Жамандыктын күчтөрүнө каршы күрөшүү. Кыргызстандын президенти өлкө Кытайдын «жамандыктын үч күчүнө» каршы күрөшүү саясатын колдоорун билдирди — терроризм, экстремизм жана сепаратизм.

«Дүйнөлүк жана регионалдык коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу маселелери салт катары Кыргызстандын жана Кытайдын тышкы саясатынын негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калат», – деп билдирди Кыргызстандын президенти.

Кытайдын бийлиги өзүнүн этникалык азчылыктарга карата саясатын радикализм жана экстремизмге каршы күрөшүү деп түшүндүрөт. Ошондой эле кытай бийлиги өлкө ичиндеги сепаратизмден кооптонот — Тайвань, Гонконг жана Шиншаңдын эгемендүүлүгүнөн.

Кыргызстан менен Кытай ынтымактуу дос, бирок мындай достукка каршылар да бар. Жээнбеков кытай лидерин Кыргызстан Кытай үчүн «жакшы дос, кошуна жана ишенимдүү өнөктөш» деп ишендирди.

Кыргыз президенти «өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди дискредитациялоого аракет кылып жатышкан Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бекем достукка» каршылар да бар деп кооптонот.

«Биз Кытайды башкы өнөктөш катары карайбыз, өз ара соода-сатыкты өнүктүрүүгө жана инвестициялык долбоорлорду биргеликте илгерилетүүгө кызыктарбыз», — деп билдирди Жээнбеков.

Си Цзиньпин:

Жээнбековдун учурунда Кыргызстанда жакшыраак болуп калды. Кытайдын төрагасы билдиргендей, Кыргызстан жакшы жакка өзгөрдү жана кыргыз эли бактылуураак болуп калды.

«Өзгөчө сиз [Сооронбай Жээнбеков] кызматыңызга киришкенден кийин өлкө экономикасын өнүктүрүү, социалдык туруктуулукту сактоо, коррупция менен күрөшүү, элдин бакубатчылыгын жакшыртуу боюнча бир катар чаралар кабыл алынды. Сиздин ийгиликтериңиз көрүнүп турат», — деп айтты КЭРдин башчысы.

Өлкөлөрдүн ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге чыгарабыз. Си Цзиньпиндин айтымында, Кыргызстан менен Кытайдын мамилелери өз ара сый менен теңдикке негизделген.

«Биз Кыргызстан менен бирге Кытай менен Кыргызстандын байыркы достугунун духун өнүктүрүүгө, элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн өз ара пайдалуу кызматташтыкты өстүрүүгө даярбыз. Өз сапарымдын алкагында сиз менен бирге, президент мырза, эки тараптуу мамилелердин көп пландуу кызматташтыгын пландаштырууга жана аларды жаңы деңгээлге чыгарууга даярмын», — деди ал.