«5-канал» 15-июнда журналист Элнура Алканова «Азаттыктын» журналисттеринин Кыргызстандан 700 млн доллар чыгарылып кеткендиги жана ага Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу жүйөөлөрүн изилдеп чыккан репортаж жарыялады.

«Азаттыктын» иликтөөсүндө Матраимовдордун башкармалыгындагы кайрымдуулук фондго 2015-2017-жылдар аралыгында 2,3 млн АКШ доллары которулган деп айтылат.

Матраимовдордун үй-бүлөсү, анын ичинде парламенттин депутаты Искендер Матраимов жана бажынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, Кыргызстандын түштүгүндөгү эң бай жана таасирлүү үй-бүлөлөрдүн бири болуп саналат. Экс-президент Алмазбек Атамбаев Матраимовдор азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы кампаниясын каржылаган деп бир нече жолу кыйытып айткан.

Кыскача. Алканованын сюжети эмне жөнүндө?

Алканова өзүнүн репортажында иликтөөнүн автору Али Токтакуновдун колуна тийген кээ бир документтердин анык экендигинде күмөн жаратып, жыйынтыгында «Азаттык» «ишенимдүү эмес маалымат» таратты деп билдирди.

Ал кандай жүйөөлөрдү келтирди?

Алканованын «Азаттыктын» иликтөөсүнө карата Айэркен Саймаитинин документтерде ар кандай кол тамга колдонгону башкы суроолордун бири болгон. Токтакуновдун айтуусу боюнча, Саймаити Кыргызстандан акчаларды чыгарып турган.

«Саймаити акчаларды сыртка которуп жатканда бир кол тамга турат, ал эми Түркиядан Матраимовдордун фондуна которуп жатканда такыр эле башка кол коюлуп турат», — дейт ал.

«Азаттыктын» иликтөөсүндөгү Айэркен Саймаитинин ыктымалдуу кол тамгасынын скриншоту

Контекст: Али Токтакунов өзүнүн иликтөөсүндө Кыргызстандан эң эле аз дегенде так 250 млн доллар которулганын жана анда тастыктоочу документтер бар экенин айткан. Ал акчаларды которууга Ошто жашаган Айэркен Саймаити деген бирөөнүн тиешеси бар экенин кошумчалаган.

Тастыкталган 250 млн доллардын ичинен 125 миллиону чет өлкөгө «Абдыраз» компаниясы аркылуу чыгарылган. Ал эми Саймаити бул компаниянын ээлеринин бири болгон. «Азаттыктын» маалыматына ылайык, ал Кыргызстандагы Матраимовдордун кайрымдуулук фондуна 2,3 млн доллар которгон.

Депутат Искендер Матраимов өзүнүн иликтөөгө карата берген расмий жообунда Айэркен Саймаити — чет өлкөгө акча жөнөтүшү керек болгон ишкерлердин арасында жетишерлик белгилүү адам экенин билдирген. Бирок ал Матраимовдордун буга кандайдыр бир тиешеси бар экенин четке каккан.

Эмне үчүн кол тамгалар шек жараткан?

Алканова «Азаттыктын» иликтөөсүнөн кол тамганы кесип алып, интернетте «Яндекс. Фото» сервиси (Балким Алканова «Яндекс. Картинки» сервисин айтып жатат) аркылуу так эле ошондой кол тамганы тапканын билдирди.

Анын айтымында, бул жыйынтык АКШнын Флоридасындагы жолбун иттер үчүн баш калкалоочу ишкананын сайтына алып барат. Кол тамга ишкананын аткаруучу директору катары көрсөтүлгөн Адам Стэнфилд аттуу бирөөгө таандык болуп чыккан. Ушундай эле жыйынтыкты «подпись синей ручкой» сурамы боюнча да тапса болот.

«Яндекс. Картинки» кызматындагы «подпись синей ручкой» сурамы боюнча издөөнүн натыжасы.

Алканова бул уюм менен байланышкан, бирок ага Адам Стэнфилд жолбун иттер кармалуучу жайда иштегенин айтышканы менен ал эки жыл мурда жумуштан бошоп кеткен деп жооп беришкен.

Стэнфилдге таандык болушу мүмкүн кол тамга Али Токтакунов өз иликтөөсүндө келтирген банктык документтердин скриншотторунда да келтирилген. Бул документтерге ылайык, Айэркен Саймаити Кыргызстанга 500 миң жана 729 миң АКШ долларын которууга ыктымал кол койгон.

Контекст: «Азаттык» өз иликтөөсүндө маалымат булактарын ачыктаган эмес, автор аларды «ишенимдүү булактар» деп гана атап өткөн. Ошондой эле журналисттер Кыргызстандан 250 млн доллардын чыгарылып кетишин тастыктаган документтерди кимден алышканын ачыкташкан эмес.

Депутат Искендер Матраимов өзүнүн иликтөөгө карата расмий жообунда журналисттер «абдан көп так эместиктерге жана аша чабууга» жол беришкенин айткан. Ошондой эле ал банктык сыр менен корголгон финансылык документтерге Али Токтакунов кантип жеткилик алганын билүүнү талап кылган.

Дүмүрчөктөрдүн аныктыгы боюнча күмөндөр

Алканова билдиргендей, ал Түркиядан Кыргызстанга акча которуп жатканда кардарга кандай документтер берилээрин билүү үчүн кесиптештеринин жардамы менен эксперимент өткөргөн.

Алар «Азаттыктын» иликтөөсүндөгү документтерде көрсөтүлгөн Түркиянын «Иш» банкынын кызматы менен колдонушкан. Алканованын айтымында, акчалар Матраимовдордун фондунун эсебине так гана ушул банк аркылуу жөнөтүлгөн.

Анын айтымында, акча которгон адам которуу тууралуу билдирмени кол менен толтурган, ал эми транзакция аяктагандан кийин банк ага иликтөөдө көрсөтүлгөндөн айырмаланган дүмүрчөктү берген.

«Муну [дүмүрчөктү] “Азаттыктын” документтери менен салыштырып көрдүк. Салыштырмалуу биздин документтер айырмаланып, иликтөөчүнүн дүмүрчөгүндө, тактап айтканда, акча которууга сураныч кагазында бир нече грамматикалык жана орфографиялык каталарды таптык. Акча которулгандагы чыныгы дүмүрчөк бул», — деп билдирди Алканова.

Контекст: Али Токтакунов өз иликтөөсүндө 2015-жылдын 24-августундагы документтер боюнча Матраимовдордун кайрымдуулук фондунун эсебине 100 миң доллар түшкөнүн билдирген; 2016-жылдын 19-сентябрында эсепке биринчи 100 миң, андан кийин 649,5 миң доллар түшкөн. Эртеси күнү, 20-сентябрда — эки транш менен 160 миң жана 100 миң доллар. 2017-жылдын 13-январында 500 жана 729 миң доллар.

«Азаттык» жалпысынан Айэркен Саймаити жана анын аялы Вуфули Бумаилиамунудан Матраимовдордун фондуна 2,3 млн доллар түшкөнүн билдирген. Искендер Матраимов Вуфули Бумаилиамуну алардын фондуна «Азаттык» айткандай 2,3 млн доллар эмес, 199 миң доллар которгонун айткан.

Алканова Саймаитини «базардагы ортомчу» деп атады

Алканова сюжетте «Дордой», «Кара-Суу» жана «Мадина» базарындагы соодагерлердин сөздөрүн келтирет. Анын айтымында, алар Айэркен Саймаитини «базардагы ортомчу» деп аташкан.

«Соодагерлер маалымат жыйын курушту, алардын сөзү боюнча Айэркен Саймаити соодагерлерге өзүнүн ортомчулук кызматтарын сунуштаган. Алардын акчаларын топтоп, чет жакка которуп берип турган экен», — деп айткан Алканова.

Контекст: Алканова айтып жаткан маалымат жыйын 3 июнда өткөн. Анда чындыгында «Дордой», «Кара-Суу» жана «Мадина» базарларынын өкүлдөрү болушкан. Бирок, жыйындын көпчүлүк убактысында алар жарыяланган иликтөөдөн кийинки текшерүүлөргө даттанышкан. Ошондой эле айрым банктар соодагерлер менен кызматташуудан баш тартып жатышканын айтышкан.

«Клооптун» журналисти маалымат жыйынга катышкандардын бири Муса Бейшенов менен байланышып көргөндө, ал Алканованын айткандарын четке какты. Бейшенов «Клооп» менен сүйлөшүүдө жыйында катышуучулар Айэркен Саймаити финансылык ортомчулук менен алектенет деп билдирген эмеспиз деди.

«Биз аны жана анын компаниясы “Абдыразды” билебиз, бирок алардын бизге эч кандай тиешеси жок. Ал базарда иштейт, биз аны сырттан тааныйбыз. Кантип акча которду, кайда акча которду ал боюнча маалыматыбыз жок. Алканова 700 млн доллар базардан которулган деп божомолдоп жатат. Бирок биз Саймаити ортомчу деп айткан эмеспиз», — деди Бейшенов.

Репортаждын кыргызча версиясы орусчадан айырмаланат

Алканованын кыргыз тилиндеги сюжети дээрлик 17-мүнөткө созулат, ошол эле маалда орус тилиндегиси эки эсе кыска — 8 мүнөткө чукул (41:21ден баштап көрүңүз).

Орус тилиндеги сюжеттин версиясында айрым жерлери же кесилген же болбосо таптакыр эле жок.

Мисалы, кыргызча версиясында Алканованын депутат Искендер Матраимовдон иликтөөгө комментарий берүүсүн суранганы, бирок парламентарий убактысы жоктугун айтып суроолорго жооп берүүдөн баш тарткан жериндеги аны менен сүйлөшкөн жери бар.

Ошондой эле орусча версиясында депутат Матраимовдун Алкановага берген «Халык Банктан» алынган документтин көчүрмөсү келтирилген эмес. Документке ылайык, Вуфули Бумаилиамунун атынан Матраимовдордун кайрымдуулук фондуна 199 миң доллар түшкөн. Бирок орус тилиндеги репортажда бул документ көрсөтүлгөн эмес.

Алканованын кыргызча сюжетинен алынган скриншот.

Орусча дубляжында, Алканованын кыргыз тилинде айткандары жок эле дегенде бир жерде айырмаланып турат.

Төмөндө Алканованын кыргыз тилинде айткандары келтирилип жатат:

«Муну [дүмүрчөктү] “Азаттыктын” документтери менен салыштырып көрдүк. Салыштырмалуу биздин документтерден айырмаланып, иликтөөчү [журналисттин] дүмүрчөгүндө, тактап айтканда акча которууга сураныч кагазында бир нече грамматикалык жана орфографиялык каталарды таптык», — деди Алканова (16:55тен башталат).

Жогорудагы сөздөр орусчага төмөнкүдөй которулган:

«Ал өзүнүн иликтөөсүндө дүмүрчөктү эмес, бир гана акча которууга билдирмени көрсөттү. Которуулар чындыгында болбошу да мүмкүн. Бирок “Азаттык” аны дүмүрчөк деп атады. Мындан тышкары иликтөөдө көрсөтүлгөн билдирмелерде көптөгөн грамматикалык каталар бар», — деп Алканованын сөздөрүн орус тилиндеги дубляжында келтирилген (48:36дан башталат).

Иликтөөнүн автору, «Азаттык» жана Алканова өзү эмне деп айтууда?

Kaktus.Media басылмасы комментарий алуу үчүн сюжеттердин авторлорунун экөөсүнө тең кайрылган.

«Азаттыктын» редакциясы комментарий берүүдөн карманганы менен басылманын кыргыз бюросунун директору Айзада Касмалиева өзүнүн фейсбук барагында «акыйкаттыктын изин жашыргысы келген күчтөр бар» деп жазды.

«Иликтөөнүн өзөгүндөгү маселеден коомду алаксыткысы келгендердин чырагына май тамызгандан оолак бололу», — деп жазды Касмалиева.

Иликтөөнүн автору Али Токтакунов билдиргендей, Алканованын сюжети «сапатсыз» болуп калган, ал эми «5-каналдын» редакциясы ага же «Азаттыкка» алдын ала документтердин аныктыгы тууралуу суроолору менен кайрылышпай, материал жарык көрөөр күнү гана аны менен байланышышкан. Токтакунов журналисттик этиканы сактоо үчүн гана ага суроо салышкан деп эсептейт.

Журналист иликтөөдө колдонулган документтер анык экендигин билдирип, эми бул кырдаал менен саясатчылар пайдаланышы мүмкүн деп кошумчалады. Бирок ал так ысымдарды атаган жок.

«“Азаттыктын” иликтөөсүндөгү документтер анык. Иликтөө дагы уланат. [...] Колуңардан келсе өткөндө Искендер Матраимовду чакыргандай Райымбек Матраимовду эфириңерге алып келгиле. Анан кел десеңер башка кеп. Мен ага суроо бериш үчүн барам. Болбосо башка жерден карматпай жүрөт. Суроолорум көп», — деп жазган Токтакунов.

«5-каналдагы» сюжеттин автору Элнура Алканова өз материалы тууралуу Токтакуновдун айтылган оюна макул болгон жок. Анын айтымында, ал өз репортажын иликтөөдө кетирилген каталарды көрсөтүү максатында жасаган.

«Маселе журналисттин муну мойнуна алганды жана каталарын оңдогонду билээр же билбестигинде болууда. Фейк документтер жөнүндө суроолордун бирине да жооп ала албадым. Бул ишти “Азаттыктын” редактору жасашы керек эле. Бул видеороликти биринчи көргөн күнүмдө эле дароо кол тамгалардын ар башкача экенине көңүл бургам», — деп келтирет Алканованын айткандарын Kaktus.Media.

Алканова кошумчалагандай, «5-каналдын» редакциясы Токтакуновго чалып, жолугушуу тууралуу суранган, бирок сүйлөшүп жатканда Токтакунов аны «бирөөнүн буйрутмасын аткарып жаткандыгына айыптаган».

«Мен “Азаттыкта” иштеп жатканда Улан Эгизбаев менен иликтөө жасачубуз. Биз Матраимов кандай үйлөрдө жашаарын көрсөткөнбүз [...] Ким кышында басма сөз жыйында Матраимовдордун мүлкүн санап берип, суроону президентке тике койду эле? Эмнеге баары муну эстен чыгарып коюп, эми мени оюн кылып жатат деп эсептеп жатышат?» — деди ал.

«Азаттыктын» иликтөөсүнө болгон реакция

«Азаттык» 29-майда Матраимводордун үй-бүлөсүнүн Кыргызстандан чыгарылган 700 млн долларга ыктымал тиешеси бардыгы айтылган иликтөөнү жарыялаган.

Парламенттин депутаты Искендер Матраимов иликтөөнү анын үй-бүлөсүнө каршы «буйрутма» деп атап, анын кайрымдуулук фондуна акча которгон кишилер менен тааныш эместигин билдирген. Бул тууралуу иликтөөдө сөз кылынган.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттик иликтөөдөгү маалыматтарды текшерүү боюнча тапшырма берген. Ал эми Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат (финпол) «Азаттыктын» Кыргызстандан чыгарылган акчалар боюнча маалыматтарды изилдөө үчүн иликтөөчү топ түзгөн.

Мамфинчалгындоо 6-июнда Айэркен Саймаити Кыргызстандан чет өлкөгө 700 АКШ долларын чыгарып кеткендигин тастыктады.

Бирок мекемеден «Азаттыктын» Матраимовдор башкарган фондго 2,3 млн АКШ доллары которулгандыгы боюнча маалыматын четке кагышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча фондго 199 миң АКШ доллары гана келип түшкөн. Ушундай эле сумманы Искендер Матраимов да айткан.

Авторлоштору: Элвира Султанмурат кызы, Кайрат Замирбеков