Counter-Strike 1.0 версиясындагы оюндун башкы менюсу

1999-жылы 19-июнда Мин Ли жана Жесс Клифф аттуу эки энтузиаст моддер (мурда чыккан оюндарга өздүк моддорду жасаган адамдар) Counter-Strike деген аталыштагы мод чыгарышкан.

Постсоветтик өлкөлөрдө бул оюнду ар кандай аташчу: кимдир бирөө «КС» десе, башкалары «сиэс» дешчү, кээ бирөөлөр жөн гана «контр» деп коюшчу.

Counter-Strikeтын идеясы абдан жөнөкөй. Оюнчулар эки командага бөлүнөт: террористтер жана контр-террористтер же спецназ. Биринчилери бомба орнотуп, аны жардырышы керек болсо, экинчилери аларга жолто кылышы керек. Мындан тышкары, барымтадагыларды куткаруу боюнча режим дагы бар, бирок ал анчейин популярдуу болбой калган.

Counter-Strike өзүнүн жанрындагы башка оюндарга салыштырмалуу бир маанилүү айырмачылыкка ээ: оюнчу курал-жарактарды сатып алышы керек, ал эми аларды душманды өлтүрүү же раундда жеңүү менен алса болот.

Компьютердик оюндарга 2000-жылдардын башында же ортосунда кызыгып жүргөндөр спецназ менен террористтердин ортосундагы виртуалдык салгылашуулардын артында өткөргөн уйкусуз түндөрүн эстешсе керек.

Балким террористтер үчүн АК-47 автоматын же спецназ үчүн М4А1 карабинин сатып алуу үчүн клавишалардын комбинациялары дагы деле эсиңизде болгондур.

«Клооптун» редакциясы сиздерге тесттен өтүп, Counter-Strikeты канчалык жакшы билээриңизди жана ал жөнүндө эмнелер эсиңизде экенин эстеп көрүүнү сунуштайт. GL&HF!