Ошто «Ак мөөр» жатаканасынын тургундарын үйдөн чыгаруу аракети жүрүүдө

"Ак мөөр" жатаканасынын тургундарын чыгаруу учуру. Сүрөт: Адилет Абдырасул уулу / kloop.kg

Ош шаардык сот аткаруучулары «Ак мөөр» жатаканасынын тургундарын турак жайдан чыгарууга аракеттенип жатышат. Жатаканада 80ден ашуун үй-бүлө жашап келет.

Маалымат 21-июнда саат 10:17де жаңыртылды.

Сот аткаруучулар жатаканага 20-июнда саат 10:00 чамасында келишкен. Жашоочулар аларды үйлөрүнө киргизбей каршылык көрсөтүштү. Онго жакын тургундун кан басымы көтөрүлүп, тез жардам кызматынан жардам алышты.

Жашоочулар президентке жана парламенттин депутаттарына кайрылып, алардын көйгөйүн чечип берүүнү өтүнүштү. Алар жатакананын кире беришине «Райымдын тоюна барган депутаттар келгиле. Элдин арманын угуп кеткиле» деген плакатты илишкен.

«Жыйырма жылдан бери ыйлап жашап жатабыз. Ушул Жогорку Кеңештин депутаттары көрүп жаткан болсоңор биздин көйгөйүбүздү чечип бергиле, болбосо ачарчылык жарыялайбыз», — деп билдирди тургундардын бири.

Облустук соттон «Клоопко» маалымдашкандай, соттук териштирүүлөр 2008-жылы башталган. 2010-жылы шаардык сот Убайдулла Бидиновду «Ак мөөрдүн» мыйзамдуу ээси деп тапкан.

«2017-жылы Жогорку сот шаардык соттун чечимди күчүндө калтырып, ошол убактан бери жашоочуларды жатаканадан чыгаруу аракети көрүлүп жатат», — деди облустук соттун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов.

Ош шаарынын түндүк бөлүгүндө жайгашкан «Ак мөөр» жатаканасы мурдагы пахта чыгаруучу комбинаттын эс алуучу жайы болгон. Учурда анда 300дөй киши баш калкалап, мурда комбинатта иштеп жатаканага «жолдомо менен кирип, жашап жатышканын» айтышат.

«Ак-Мөөр» санаторий-профилакториясы 2008-жылы эки ирет ачык аукционго коюлуп, биринчисинде имаратты эч ким сатып алган эмес. Экинчи жолку сатыкта Убайдилла Бидинов аттуу жаран санаторийди болжолдуу 5 млн сомго сатып алган. Жашоочулар эки жолку аукционго катышпаганын «сот аткаруучулар тарабынан алданып калышканы» менен түшүндүрүшөт.