Финполдун башчысы: Матраимов мага тууган эмес, «АКА Петролеум» менен байланышым жок

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын (Финполиция) башчысы Бакир Таиров «Азаттыктын» журналисти Али Токтакуновго интервью берди. Анын айтымында, чет өлкөлөрдө Матраимовдордун мүлктөрү жок. Ошондой эле ал Матраимовдор менен байланышы жок экенин айтып, бул үй-бүлөнүн мүлкүн текшерүүдө эч кандай кийлигишүү болбогонун билдирди.

Матраимовдордун мүлктөрүн текшерүү

«[Райымбек] Матраимов боюнча бизге кагаздар — тапшырма февралдын башында келген. Тергөө тобу түзүлүп, ал боюнча тийиштүү органдарга тийиштүү кагаздарды жөнөткөнбүз. Алардын баары жыйынтыкталып келди. Ушул жума биз жыйынтыгын чыгарабыз жана [текшерүүнүн жыйынтыктарын] коомчулукка чыгарабыз», — деп айтты Таиров.

Анын айтымында, ведомство Матраимовдордун мүлкүн текшерүү үчүн чет өлкөлөрдөгү «тийиштүү кызматтарга» сурам жөнөткөн. Бирок ал материалдын «купуя сырына» таянып, канча өлкөгө сурам жөнөтүлгөнүн айтуудан баш тартты.

Кызыкчылыктардын кагылышы

Таиров тергөөгө «жогору жактан» кийлигишүү болбогонун айтып, иликтөөдө кызыкчылыктар кагылышы болгонун төгүнгө чыгарды.

«Райымбек Матраимовдун иниси Ислам Матраимов бизде иштеген. Февралда бизге [Матраимовдун мүлкүн] текшерүү боюнча материалдар келгенде ал эки айга айлык акысыз өргүүгө кеткен. Тергөөнүн мөөнөтү узарып кеткенде, кайра бир [жолу] жумушка чыгып, кайра кызматтан кетти. Биздин тергөө ишибизге эч ким аралашканга укугу жок. Мен ишендирип кетейин, бизге жогору жактан эч кандай чалуулар, “карап кой” деген сөздөр болгон жок», — деди Таиров.

Ошондой эле, финполдун башчысы Матраимовдор менен эч кандай байланышы жок экендигин билдирди.

«Андай маалымат туура эмес. Жердигибизди алсак, мен Ала-Букадан болом, ал Кара-Суудан экен. Кыргызстан кичинекей мамлекет, баарыбыз бири-бирибизди көрүп жүрөбүз. Тойлордо жолугуп калышыбыз мүмкүн», — деди ал.

Анткени менен «АКА Петролеум» компаниясынын туунду компаниясында Таировдун туугандары иштей тургандыгы интервью учурунда белгилүү болуп калды.

Таиров «Терек-Сай жаштары» ЖЧКсынын негиздөөчүлөрүнүн бири Чолпон Элмуратова анын кайтыш болгон бир тууган инисинин келинчеги экенин жана ошол бизнести башкарган Токтосун Туманбаев анын карындашынын күйөөсү экенин ырастап берди. Бирок фонполдун башчысы бул байланыш эч нерсеге таасир этпегенин, туугандарынын «АКА Петролеум» менен байланышы тууралуу билбегенин айтып, анын үй-бүлөсүндө «ар бири өзүнүн жумушу» менен гана алек болушканын кошумчалады.

Токтосун Туманбаев «Азаттыктын» журналисттерине финполдун башчысы Бакир Таировдун бир тууган иниси Искендер Таиров «Терек-Сай жаштарынын» негиздөөчүлөрүнүн бири жана мурдагы директору болгонун ырастап берген. Ал ошондой эле Искендер Таиров 2016-жылы автокырсыкта каза тапкандан кийин компаниядагы үлүшү анын аялы Чолпон Элмуратовага өткөнүн ачыктаган.

Контекст: «АКА Петролеум» башка бир катар компаниялар менен «АКА Инвестке» кирет, алардын арасында AKA Immobilien да бар. «Азаттыктын» иликтөөсүнө ылайык, AKA Immobilien менен AKA Petroleum 2011-2017-жылдары Кыргызстандын 700 млн долларга чукул акчаны чыгарып кеткен Айэркен Саймаитинин кээ бир төлөмдөрүнүн акыркы алуучулары болуп эсептелинет.

Кыргызстандан чыгарылган 700 млн доллар

Контекст: «Азаттык» Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 млн долларга Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тиешеси бар болушу мүмкүндүгү тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Иликтөөнүн автору Али Токтакунов билдиргендей, анда эң эле аз дегенде 250 млн доллардын чет өлкөгө которулушун далилдеген ондогон банк документтери бар. Финчалгындоо өлкөдөн 700 млн доллар чыгарылып кеткендигин ырастаган. 2016-жылы финчалгындоо материалдарды финполго берген, бирок ал жактан кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан.

Таиров финпол 2016-жылдагы ишти кайра жандандырып жаткандыгын билдирди.

«Ал боюнча бизге 2016-жылы бир материал келген экен. 289 млн доллар боюнчабы, так эсимде жок. Ал боюнча тергөө иши жүргөн экен. Ал ишти кайра жандандырып жатабыз», — деди Таиров.

Буга чейин, «Азаттыктын» 700 млн доллардын чыгарылып кетиши тууралуу иликтөө чыккандан кийин Таиров бул акча которууларды «Дордой», «Мадина» жана «Кара-Суу» базарларынын ишкерлери менен байланыштырып жаткан.

«Мен [мурун] ИИМде да иштегем. Ошол кезде бизге чоң материал түшкөн, 6 млрдга жакынбы, так эсимде жок, бирок аябай чоң сумма. Анда дагы резонанстуу болуп кеткен. Көрсө, Өзгөндүк жигит фирма ачып алып, “Кара-Суудагы”, “Дордой”, “Мадинадагы” соодагерлердин акчасын топтоп которчу экен. Силердин материал чыккандан кийин балдардан, кызматкерлерден сураганда бул ошол суммалар болуп калышы мүмкүн деп айтышкан», — дейт Таиров.

Таиров 700 млн доллар базарлардагы соодагерлердин акчасы деп так айтпаганын билдирип, болгону «оперативдик маалымат» иретинде гана маалымат бергенин кошумчалады.

«Ошол сөздөн “технический ошибка” кеткендир, бирок мен ошондой ойдо айткам. Өзүм иштеп жүргөндөгү маалыматтын негизинде айтып жаткам да. Мен жалпы ой менен базарлардагы соодагерлер акчаны ушинтип которот деп айткам. Так маалымат деп айткан эмесмин, өзүмдүн маалыматыма жараша ошондой болгон деп айткам», — деди Таиров.