Депутат ижарага батир алып жашагандар үчүн онлайн каттоо киргизүүнү сунуштады

Иллюстративдик сүрөт. Булагы: RFE / RL

Депутат Исхак Пирматов ижарага алынган батирлерде же турак үйлөрдө жашаган жарандарды онлайн тартипте убактылуу каттоого алуучу мыйзам долбоорун иштеп чыкты.

Пирматов «бюрократиялык жол-жоболорду жөнөкөйлөтүү жана коррупциялык көрүнүштөрдү жокко чыгаруу» үчүн онлайн каттоону киргизүүнү сунуштады.

Жарандык кодекс жана ички миграция жөнүндө мыйзам кыргызстандыктарды, мисалы, эгер алар Жалал-Абаддан Бишкекке көчүп келишкен болсо убактылуу каттоого турууга милдеттендирет. Пирматовдун пикири боюнча, бул каттоо процедура оор болгондуктан иштебей келет.

Бул эмне үчүн керек?

Мунун айынан айрым жарандар 5 же 10 жылдар бою катоого турбай эле жашап келишет. Ошондуктан аларда мамкызматтарды колдонууда жеткилик алууда көйгөйлөр жаралат, ал эми мамлекет болсо адамдардын өлкө ичинде жүрүүсүн так байкоо жүргүзө албайт.

Мындайча айтканда, каттоо адам 45 күндөн ашуун жашаган үйдө же батирге убактылуу каттоого турушу керектигин билдирет. Эгер ал ижарага батир алып жашаса, анда мындай учурда каттоонун мөөнөтү бир жылга чейинки убакытты түзөт.

Аны менен бирге мыйзамда убактылуу каттоосу бар жарандарда турак жайга ээлик кылуу укуктары болбосу айтылат.

Бул кандай иштейт?

Пирматовдун ою боюнча, турак үйдү ижарага алып жаткан адам Калктын мамлекеттик бирдиктүү реестри порталында каттоого онлайн билдирме калтыра алат. Азыр бул реестр иштелип жатат.

Арыз берүүчү өзүнүн паспорттук жана үй ээсинин маалыматтарын, андан тышкары, турак жай ижара акысын тастыктаган документтерди көрсөтүшү керек.

Онлайн билдирме бергенден кийин турак үйдүн ээси катоо аракети тууралуу кат түрүндөгү билдирүү алат.

Каттоо үй ээси билдирүү алгандан кийин үч жумушчу күнүнөн кийин аяктайт. Ошол эле кезде мыйзам долбоорунда турак жай ээси өз батиринде убактылуу каттоого туруга уруксат бериши керек же керек эместиги жазылган эмес.

Бул кээ бир кыргызстандыктарда нааразачылыктарды жараткан — алар каттоого онлайн арыз берип жатканда турак үйдүн ээсинин макулдугу керек эместиги үчүн нааразы болушкан. Алар Пирматовдун мыйзам долбооруна каршы кол чогулта башташкан. Материал жарык көрөр алдында кайрылууга 500дөн ашык адам кол койгон.

Мыйзам долбоору парламент үч окуудан жактырып, өлкөнүн президенти кол койгондон кийин күчүнө кирет.