УКМК: Атамбаевди кайтарган мамкүзөттү чакырткан эмеспиз

Алмазбек Атамбаевдин резиденциясы. Сүрөт: Айсымбат Токоева / Kloop.kg

Материал 12:17де жаңыртылды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы резиденциясынан мамлекеттик күзөттүн кызматкерлери чакыртылбаганын маалымдады.

«Азыркы учурда экс-президентти кайтарууда камсыз болгон күзөт кызматкерлеринин саны мурдагыдай эле. УКМК экс-президенттин коопсуздугу үчүн зарыл болгон учурда күзөт кызматкерлерин дагы кошумча күчтөп берүүгө даяр», — деп билдиришти атайын кызматтан.

КСДПнын төрайымынын орун басары жана Атамбаевдин жакын үзөңгүлөшү Кундуз Жолдубаева «Клоопко» билдиргендей, 27-июнь күнү түнкүсүн мурдагы президенттин резиденциясынын периметрин кайтарган мамкүзөт чыгып кеткен.

«Жеке мамкүзөт [резиденцияда], Атамбаевдин жанында», — деп кошумчалады ал.

Буга чейин, мурдагы президенттин тарапташтары 28-июнь күнү таңга маал «Клооптун» журналистине мамкүзөттүн кызматкерлери Атамбаевдин резиденциясынан кетип калышты деп билдиришкен.

Акыркы төрт күндөн бери Атамбаевдин үйүнүн алдында «Элдик штаб» болууда. Штаб 200дөн ашуун адамдан турат жана алар экс-президентке колдоо көрсөтүп, аны коргогону келишкен.

Штабдын кызматкерлеринин айтымында, мамкүзөт Атамбаевдин коопсуздугун камсыздаган эмес, алар анын үйүнүн жанындагы объекттерди гана кайтарган.

Парламент Атамбаевди кол тийбестиктен жана экс-президент макамынан ажыраткандан кийин мамлекеттик күзөттүн кетип калышы тууралуу маалымат тараган. Эми мурдагы президент артыкчылыктарга ээ болбойт, анын ичинде Атамбаевдин коопсуздугун камсыздоо да бар.

Парламентарийлер Башкы прокуратура менен депутаттык комиссиянын корутундусун колдоп берген. Ал корутундуда Атамбаев президент болуп турганда анын кыймыл-аракеттеринде кылмыштын белгилери табылган деп айтылган.

Парламентарийлер Атамбаевди Бишкек ЖЭБин жаңыртуудагы коррупция, жерлерди мыйзамсыз алуу жана кримтөбөл Азиз Батукавдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча айыпташууда.

Атамбаев дарегине тагылган айыптарды «былжырак жана айың кеп» деп атаган. Экс-президент мураскери Сооронбай Жээнбеков «тынч жаткан элди көздөй мыйзамсыздыктын, зөөкүрлүктүн кара ташын ыргытты» деп кошумчалаган.

Атамбаев өзү бир Кыргызстандан кетпей турганын бир нече жолу айткан. Ошондой эле ал мураскери жана президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигин легитимдүүлүгүн тааныбай тургандыгын билдирген.

«Бул менин мекеним. Качкандар - алар башка адамдар. Менден арылгысы келип жаткандар эртеби же кечпи өздөрү качып кетишет», — деп билдирген Атамбаев 27-июнда кечинде тарапкерлери менен жолугушкан учурда.

Бул Атамбаевдин Жээнбеков менен араздашуусунун жыйынтыгы болуп калды. Саясатчылардын ортосундагы чыр-чатак 2018-жылдын мартында башталган. Ал учурда Атамбаев саясатка кайтып жатканын расмий жарыялап, мураскерин коррупцияга каршы натыйжасыз күрөшүп жатат деп сынга алган.

ТЕМА БОЮНЧА: