Атамбаевдин резиденциясынан мамкүзөттүн кызматкерлери кетишти

Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы резиденциясы. 28-июнь. Kloop.kg үчүн Тилек Бейшеналиевдин сүрөтү

Материал 12:14тө жаңыртылды.

КСДПнын төрайымынын орун басары жана Атамбаевдин жакын үзөңгүлөшү Кундуз Жолдубаева «Клоопко» билдиргендей, 27-июнь күнү түнкүсүн мурдагы президенттин резиденциясынын периметрин кайтарган мамкүзөт чыгып кеткен.

«Жеке мамкүзөт [резиденцияда], Атамбаевдин жанында», — деп кошумчалады ал.

Жолдубаева ушинтип мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы резиденциясынан мамлекеттик күзөттүн кызматкерлери чакыртылган эмес деген УКМКнын билдирүүсүнө комментарий берди.

Буга чейин мурдагы президенттин тарапташтары «Клооптун» журналистерине Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнөн мамлекеттик күзөтчүлөр 28-июнда таңкы саат 05:00 чамасында кетишти деп билдиришкен. 

«Бул жактан так кесе канча күзөтчү кеткени азырынча белгисиз. Штабдын кызматкерлери бул жактан кеткендер Атамбаевдин өзүн эмес, үйүнүн айланасындагы объектилерди кайтарып жатышканын айтышууда»‚ — деп билдирди жеринен «Клооптун» журналисти Тилек Бейшеналиев.

«Клооптун» журналисттеринин баамында Атамбаевдин резиденциясында түнү 60ка чукул адам кезметте турган. Алардын ичинде атчандар да бар.

Атамбаевдин тарапташтары анын үйүнүн жанында бир нече күндөн бери болушууда. Алар мурдагы президентке колдоо көрсөтүшүп, аны коргоого даяр болушканын айтышууда. Парламент 27-июнда Атамбаевди экс-президент макамынан жана кой тийбестигинен ажыраткан.

Атамбаев өзү бир Кыргызстандан кетпей турганын бир нече жолу айткан.

«Бул менин мекеним. Качкандар - алар башка адамдар. Менден арылгысы келип жаткандар эртеби же кечпи өздөрү качып кетишет», — деп билдирген Атамбаев 27-июнда кечинде тарапкерлери менен жолугушкан учурда.

Ошондой эле ал мураскери Сооронбай Жээнбековдун бийлигин тааныбасын билдирип, аны легитимсиз деп эсептейт.

Авторлоштору: Тилек Бейшеналиев, Алмир Алмамбетов, Элвира Султанмурат кызы