«Ала-Тоо» кинотеатрынын алдындагы урналар. Сүрөт: Биринчи май районунун администрациясы

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө пластик, кагаз жана айнектерди өзүнчө бөлүп таштоого урналар орнотулду.

Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, азыр урналардын 10 комплекси жасалып, алардын алтоосу Курманжан Датканын эстелигинин алдында орнотулган.

«Жакынкы убакта эки урна Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде жаңыдан түзүлгөн коомдук жайда, дагы экөөсү Уркуя Салиева гүл бакчасына коюлат», — деп билдирди ведомство.

Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков «Клоопко» билдиргендей, ураналардын ар бир комплексинин баасы 12 миң сомго чукул болгон жана аларды «Тазалык» муниципалдык ишканасы жасаган.

«Бул абдан сапаттуу урналар — металлы калың, боёгу жакшы, дагы бир нече жыл кызмат кыла турган жакшы деталдардан жасалган. [...] Калдыктар кайра иштетүүгө жиберилет. Азыр жеке компаниялар кайра иштетишет. Биздин учурдагы милдетибиз — бул жарандарга таштандыны сорттоону үйрөтүү», — деп айтты акимдин орун басары.

Бишкек бийлиги каржылоо келээри менен шаардын борбордук бөлүгүндө дагы 300-500 урнаны орнотууну пландап жатат.

Шаар бийлиги бир нече жылдан бери жаңы таштанды полигонун жана таштанды сорттоочу завод курууга камынып жатат. Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы бул максаттар үчүн 2013-жылы эле 22 миллион евро берген. Полигондун узак мөөнөткө созулган курулушунун шартында Бишкек прокуратурасы мэриянын аткаминерлерине карата кылмыш иштерин козгогон.