Бишкекте таштандыны сорттоо боюнча завод курулмакчы. Мэрия анын наркын ачыктаган жок

Бишкектеги таштанды полигону. 2016-жыл, күз. Сүрөт: Елена Хасанова / ЛИВЕНЬ.Living asia

Калаанын бийлиги катуу турмуш-тиричилик калдыктарын сорттой турган заводдун курулушуна тендер жарыялады. Курулушту Бишкекке жакын 2,2 гектар жерде 2020-жылы баштоо пландалууда.

Бишкек мэриясына караштуу заводдун курулушу боюнча долбоордун жетекчиси Адилет Маматов курула турчу завод сорттолгон калдыктарды, мисалы, пластикти таштанды иштетүүчү компанияларга сатаарын «Клоопко» билдирди. Киреше заводду камсыздоого жана 100дөн ашуун кызмкаткердин эмгек акысын төлөөгө жумшалмакчы.

Тендер тууралуу маалымат мэриянын сайтында 25-апреле пайда болгон, бирок ал боюнча жарыя мамсатып алуу порталына жайгаштырылган эмес. Маматовдун айтымында, бул курулушту мамлекет каржылабандыктан болгон.

«Бирок ошого карабастан бизде жарыябызды мамсатып алуу порталына чыгарыш үчүн каржы министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деди Маматов.

Ошондой эле заводдун курулушуна берилген баанын суммасы да ачыкталган жок.

«Бул талапкерлердин ортосунда ынсапсыз атаандаштыкты болтурбоо үчүн кылынууда. Эгер алар кандай сумма экенин билип алышса, анда өз бааларын буга тууралашат», — деп айтты Маматов.

Андан тышкары, тендердин катышуучусу тендердик документтер үчүн 200 евро төлөп бериши керек. Мыйзамга ылайык, эгер сатып алуу бюджеттик каражаттарга жүргүзүлүп жаткан болсо, анда тендердик документтер ачык пайдаланууда болот. Бирок эл аралык донорлор негизи документтер үчүн төлөм акы алышат.

Маматовдун айтымында, тендерге эл аралык уюмдардан катышып жаткандар билдирмени кароо үчүн адатта 100 евро төлөшөт, бирок бул тендерде «олутсуз компанияларды ылгоо» максатында сумманы эки эсеге көбөйтүшкөн.

Заводдун курулушуна жарыяланган тендерге катышкысы келген компаниялар билдирмелерин 7-июнга чейин тапшыруулары керек.

Таштанды полигону жана кылмыш иши

Завод Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) насыясына жана Европа Биримдигинин грантына курулат. Мэрия 2013-жылы 22 млн евро алган. Бул сумманын жарымы насыя, жарымы грант катары берилген. Аталган каражатка жаңы таштанды полигону, таштанды сорттоо үчүн завод жана эски полигон рекультивацияланмакчы.

Каржылоо бар болгону менен, Бишкектин бийлиги жаңы таштанды полигонунун курулуш иштерин баштай элек жана ЕРӨБ менен келишимде жазылган мөөнөткө үлгүрбөй келишүүдө.

Бишкек прокуратурасы мэриянын кээ кызматкерлери өз кызматтык абалдарын кыянаттык менен пайдаланып, Бишкек үчүн жаңы таштанды полигонунун курулушун токтотуп салышкан деп эсептейт. Мекеме 2019-жылдын январь айында мэриянын аткаминерлерине карата кылмыш ишин козгогон.