Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдагандай, 2019-жылы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын коргоо боюнча 166 текшерүү болуп, 550 укук бузуу аныкталган.
Негизги укук бузуулардын арасында инфраструктура объектилерине жеткиликтүүлүктүн жоктугу, эмгек ишмердигине жана билим алууга болгон укуктарды бузуу жана талаптагыдай эмес социалдык тейлөө бар.
«Республиканын прокуратура органдары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын көйгөйлөрүн эске алып, укук коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушат», — деп айтылат Башкы прокуратуранын катында.
Мисалы, 3-топтогу майып болгон врач эпидемиологдун жардамчысы Тоң райондук оорулардын профилактикасы борборунда кыскартууга туш болуп калган. Борборго жазма эскертүү жөнөтүлгөндөн кийин врачтын жардамчысы кайра өз кызматына кайткан.
Эмгек кодексине ылайык, кыскартуу учурунда эгер майып адамдар жумуштун көлөмүн башка кызматкерлердей эле аткарса, анда аларга жумуш ордун сактап калууга артыкчылык берилет.
Мындан тышкары, прокуратуранын органдары Панфилов районунда «балдар церебралдуу шал оорусу» диагнозу бар балдардын баары билим алууга жеткилик алышын талап кылышкан. Текшерүү учурунда 32 баланын ичинен бешөөсү гана билим ала алса, жазма эскертүү берилгенден кийин бардык 32 балада үйдөн билим алуу мүмкүнчүлүгү пайда болгон.
Текшерүүлөрдүн натыйжасында тартиптик жоопкерчиликке 156 кызмат адамы тартылган.
Кыргызстандын бийлиги 2019-жылдын мартында майыптардын укуктары боюнча БУУнун конвенциясын ратификациялаган. Ратификация каражаттардын жоктугунан улам 8 жылга созулуп кеткен.
Кыргызстанда жалпысынан 180 миңге чукул майып адам бар. Алар өлкө бийлигине бир нече жолу кайрылышып, конвенциянын ратификацияланышын тездетүүнү суранышкан.
Конвенциянын негизги идеясы — майып адамдардын коомдук жашоого толугу менен тартылышы жана аларга карата бирдей мамиле жасоо. Мисалы, бийлик жолдо жүрүү көйгөйлөрүнө чалдыккан майып адамдар үчүн инфраструктура түзүп бериши керек.