ЖМК: АКШнын бийлиги Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча ишке шектелген адамга саясий башпаанек берди

Камила Дүйшөбаева

24.kg маалымат агенттиги өз булактарына таянып Калыбек Элтуйбасов (ред. — Салянов) менен анын үй-бүлө мүчөлөрү Америка Кошмо Штаттарынан саясий башпаанек алышканын кабарлады.

Бул маалыматты мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын туугандары журналисттерге ырастап беришкен. Экс-башкы прокурор Элтуйбасовдун тууганы.

Элтуйбасов студент Камила Дүйшөбаеванын 2014-жылы жүз берген өлүмү тууралуу иш боюнча «тергөөгө тоскоолдук кылган» деп айыпталгандан кийин Кыргызстандан чыгып кеткен. Кыздын өлүмү Ички иштер министрлигинин көзөмөлүндө болгону менен милиция кылмыш ишин ача элек.

Элтуйбасовго башпаанек берүү тууралуу чечимди АКШнын иммиграциялык соту чыгарган. Соттун чечими боюнча, ага тагылып жаткан айыптар атайын уюштурулган.

«Өкмөттө айыптоого мыйзамдуу жүйө жок, ага караганда [Элтуйбасовду] куугунтуктоо саясий жүйөлөнгөн. [Анын далилдеринде] жаңылык макалалары бар жана алар сот адилеттигине тоскоолдук кылуу боюнча айыптоолордун негизги фактылары жасалма экенин божомолдойт», — деп соттун чечимин келтирет 24.kg басылмасы.

Бийлик Элтуйбасовду кыздын өлүмү менен кантип байланыштырган?

Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөө иштери башталгандан кийин көп өтпөй эле укук коргоо органдары Элтуйбасовду суракка ала баштаган. Ага карата көрсөтмөнү маркумдун курбу кызы берген.

Суракта Элтуйбасов Камила менен 2013-жылдан бери тааныш экенин жана ал маал-маалы менен андан карызга акча алып, убагында кайтарып турганын айтып берген.

Кийинчерээк ал «тергөөгө тоскоолдук кылгандыгы» үчүн издөөгө жарыяланган. Ошондо эле анын адвокаттары Элтуйбасовдун Аида Салянова менен тууганчылыгы бар болгону үчүн ал куугунтукка алынууда деп билдиришкен. Ал убакта Аида Салянова өлкөнүн башкы прокурору кызматында иштеп турган.

Кыргыз ЖМКлары Элтуйбасовдун АКШда кармалганы тууралуу 2019-жылдын январында кабарлашкан. Ошондо Кыргызстандын укук коргоо органдары аны АКШдан экстрадициялоого даярдык көрүп жатышканы тууралуу билдиришкен.

Тергөө кармалган адамдын ысымын ачыктабаганы менен ЖМКларда ал киши Калыбек Элтуйбасов деген маалымат пайда болгон. Анын адвокаты Чынара Жакупбекова жактоого алган адамына каршы кылмыш иши токтотулушу керек деп бир нече жолу айтып чыккан.