Cүрөт: Тилек Бейшеналиев / Kloop.kg

Бишкекте 5-июлда Али Тижжани Абубакирдин жаназасы окулду. Ал англис тилин үйрөнүү боюнча Cambridge School мектебинин директору болгон.

Абубакир бир нече күн комада оор абалда жатып, 4-июль күнү кечинде көз жумган. Белгисиз адам аны Бишкектин борборундагы ЦУМдун жанында 2-июль күнү токмоктоп кеткен.

Абубакирдин сабалышы коомдук резонанс жараткандан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиевге тез арада күнөөлүүлөрдү таап, аларды жоопкерчиликке тартууну тапшырган.

Шектүү адам өкмөт башчысынын тапшырмасынан бир нече саат өткөндөн кийин кармалган. Учурда шектүү ТИЗОдо отурат. Ал суракта жаңжал кайым айтышуудан кийин башталып кеткенин айткан.