Бишкекте токмоктолгон чет өлкөлүк жаран ооруканада каза тапты

Нигериянын жараны Тижжани Али Абубакирдин каза тапканы тууралуу 5-июль күнү эртең менен белгилүү болду. Анын артында эки баласы калды.

«Ооба, тилекке каршы дүйнөдөн кайтты. [Абалы] абдан оор болчу», — деп билдирди «Клоопко» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова.

Белгисиз адам нигериялыкты 2-июлда Бишкектин борборундагы ЦУМдун жанында токмоктоп кеткен. Ал соккудан улам жыгылганда башы жерге урунуп, эс-учун жоготкон. Окуя болгон жерге келген тез жардам тобу аны Республикалык улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жеткирген. Кийинчерээк дарыгерлер жабырлануучу комада экенин билдиришип, анын абалын «оор» деп баалашкан.

Милиция чет өлкөлүктү сабаганга шектелген адамды 3-июль күнү кечинде кармаган. Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев күнөөлүүлөрдү тез арада табууну тапшырган эле.