Орусиянын «Газпром» энергетикалык компаниясы Бишкекте 960 орундуу мектеп курган. Кээ бир маалыматтарга ылайык, курулуш иштерине 20 млн долларга чукул каражат сарпталган. Мектептин имараты Аалы Токомбаев көчөсүндө жайгашкан, ал эми анын жалпы аянты 3,5 гектар жерди ээлеген.
Эмне үчүн жаңы мектеп талаш-тартыштын чордонуна түшкөн?
Алгач мектеп муниципалдык, ал эми имараттын өзү мэриянын балансында болот деп пландалган эле.
Бирок мектеп курулуп жатканда мэрия аны каржылай ала албай тургандыгы белгилүү болгон. Ошондо «Газпром» шаар бийлигине мектепти 20 жылдык мөөнөткө өз башкармалыгына алууну сунуштаган.
Бишкек мэриясынын социалдык бөлүмүнүн жетекчиси Майрам Мамбетова «Клоопко» билдиргендей, шаар бийлигинин мектепти каржылоого «алы жетпейт». Учурда шаардык кеңешке имаратты «Газпромдун» башкармалыгына берүү тууралуу токтом жөнөтүлгөн.
«Эки жыл мурун мектеп курулуп жатканда, [келишим боюнча] “Газпром” окуу жайды мэриягы өткөрүп бериши керек эле. Бирок курулуш бүткөндөн кийин пландар өзгөрүп кеткен. Бассейн жана башкаларга абдан көп суммадагы каражат жумшалган», — деп түшүндүрдү Мамбетова.
Мурдараак Бишкектин мэри Азиз Суракматов бийлик мектепти башкаруу боюнча мүмкүн болгон үч вариантты карап жатканын айткан. Анткени мэрияда аны каржылоого каражаттары жок деп билдирген.
«Биринчиси — каржылоо шаардык бюджеттен болот, анда биз директорду дайындап, мектепти ишке киргизебиз. Бул үчүн 150 млн сом керектелет. Экинчи варианты — [мектепти] “Газпромго” өткөрүп берүү, анда ал бүт чыгымдарды өзүнө алат, 25% — жеңилдик берилүүчү адамдарды окутуу. Үчүнчү варинаты — биз [мектепти] мамлекетке беришибиз керек», — деп келтирет мэрдин айткандарын «АКИпресс» басылмасы.
Бул мектеп башкалардан эмнеси менен айырмаланат?
«Газпром Кыргызстандын» башкы директорунун кеңешчиси Арзымат Алдаяров жаңы мектептин артыкчылыктары тууралуу айтып берген. Мисалы, химияны изилдөө боюнча кабинеттерде эксперименттерди өткөрүү үчүн шарттар түзүлгөн.
«Мындан чыкканда эки бассейн бар. Бассейн эл аралык стандартта жасалган. Мында сууда сүзүү боюнча сынактарды өткөрсө да болот. Көрүүчүлөр үчүн орун да даярдалган. Кенже класстын балдары үчүн да бассейн, кургак бассейн курулган», — деп айткан ал.
Анын айтымында, шаар бийлигинин мектепти иштетүү үчүн каржы мүмкүнчүлүктөрү жок болгондуктан, компаниянын жетекчилиги мектепти 20 жылга өз башкармалыгына алуу өтүнүчү менен Бишкек мэриясына кайрылган.
«Мектеп өтө чоң салынгандыктан аны пайдалануунун бир жылдык чыгымы 200 миллион сомго жакын болуп чыкты. Бишкек мэриясы өз карамагындагы мектептерге бир жылга 35-40 миллион сомдон гана бөлөт. Бишкек мэриясы бул мектепти каржылоого күчү жетпей турганын өзү билдирген», — деп айткан Алдаяров.
Бул мектепте кимдер окушат жана анда окуу канча турат?
«Газпромдун» өкүлдөрүнүн айтымында, окуунун бир айлык баасы 22 миң сомго чукул акчаны түзөт.
Аны менен бирге орундардын 25 пайызын бекер кылууну убадалашууда: 20 пайызы мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү балдар үчүн бөлүнүп берилсе, калган беш пайызы — олимпиаданын жеңүүчүлөрү жана башка жөндөмдүү мектеп окуучулары үчүн берилет.
Бирок, парламенттин вице-спикери Аида Касымалиева жаңы мектеп мэриянын балансында болуп, ал эми окуутуу бардык балдар үчүн бекер болушу керек деп эсептейт.
«960 орундун болгону 20% гана бекер окутуу каралыптыр. Аз камсыз болгон жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 200 гана бекер орун бөлүптүр. Бул боюнча кылмыш иши козголот. Муну мэриянын башын айландырган, «Газпромдун» башын айландырган топтор эске алып коюшсун», — деп айткан Касымалиева.
Майрам Мамбетованын айтымында, бийлик мектепти жаңы окуу жылынын башталышына карата ачууну пландоодо. «Окуучулардын тизмеси электрондук кезектин тартибинде бекитилет», — деп кошумчалады ал.
Бишкетин вице-мэри Татьяна Кузнецова 24.kg маалымат агенттигине билдиргендей, мектеп 1-сентябрга карата ачылбайт болушу керек, анткени бийлик каржылоо маселесин дагы деле чече элек.
«Каржылоо тууралуу маселе чечиле элек. Мектеп муниципалдык менчикке алында. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, материалдык техникалык камсыздоо үчүн гана 111 млн сом керектелет. Меморандумда оку жайын маттехкамсыздоосу менен берилээри каралган эмес. Кеп имарат тууралуу гана болгон», — деди ал.