Парламенттин депутаты Дастан Бекешев 16-июлда өзүнүн командасындагы жардамчы кызматына кыз издеп жатканын жарыялаган. Парламентарий жардамчы кыз ага «гендердик балансты сактоо» үчүн керек деп түшүндүргөн.
Бекешевдин жарыясына социалдык тармактардын кээ бир колдонуучулары нааразы болушуп, парламенттеги гендердик теңдикти биринчи кезекте депутаттардын арасында сактап, андан кийин гана алардын жардамчыларында деп билдиришкен.
Дата журналист Савия Хасанова Кыргызстандын парламентиндеги депутаттардын арасында аялдардын саны акыркы беш жылда кандай өзгөргөнүн изилдеп чыкты. Анын эсептөөлөрү боюнча, Жогорку Кеңештин курамындагы аялдардын саны эң көп болгон мезгил 2010-жылга туура келет — анда депутаттардын арасында 28 аял болгон.
«Биз үчүн гендердик квота Венерага чейинки жолдой эле алыс — 2018-жылы парламентте 19 же бардык парламентарийлердин 16 пайызы гана аял депутат болгон. 2007-жылы квоталар киргизилгенден кийин, биз 30% көрсөткүчкө бир да жолу жеткен жокпуз. Максималдык 26 пайыз 2007-2009-жылдары болгон», — деп жазды Хасанова.
Аялдар бийликте (эмес)
Парламент 2019-жылдын июль айында жергиликтүү кеңештердин шайлоолорунда 30% кем эмес мандат аялдарга берилүүсү тууралуу мыйзам долбоорду үч окуудан жактырган.
Соңку үч жылдан бери бүткүл өлкө боюнча депутат аялдардын саны 11 пайыздан ашпай келет. Учурда өлкө боюнча 8700 эл өкүлүнүн ичинде алардын саны миңге бир аз жетпейт.
Жетекчилик кызматтарда аялдардын жоктугу тууралуу экс-президент Роза Отунбаева да марттын башында конференцияда айтып чыккан.
Анын ою боюнча, өлкөгө «караңгы заман» келди — жетекчилик кызматтарды негизинен эркектер аркалап келишкенин, ал эми аялдарды аталган кызматтарга жолотушпай, аларга социалдык көйгөйлөр менен иштөөгө мүмкүнчүлүк берилбей жатат. Ал өлкөдө 7 губернатор, 40 аким жана 35 мэр иштейт — алардын ичинде бир да аял жок деп кошумчалаган.
Авторлошу: Савия Хасанова
ТЕМА БОЮНЧА: «Бул сага оюн эмес». Эмне үчүн кыргыз саясатында аялдар абдан аз?