Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов

Эмне болду?

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун ыктымал өлүмү тууралуу маалыматтар ЖМКларда 21-июлда пайда болгон. Айрыкча, бул тууралуу «Говорит Москва» радиостанциясы Ашхабаддагы өз булактарына таянып маалымдаган. Андан кийин радиостанцияга таянып башка басылмалар да жаза башташкан.

YouTubeда «Свободный Туркменистан» каналында Бердымухамедовдун өлүмүнө «курч бөйрөк жетишсиздиги» себеп болгонун билдиришкен. Каналдын авторлорунун маалыматы боюнча, Түркмөнстандын башчысы ыктымал 20-июлда дүйнөдөн кайткан.

«Радио Свободанын» Түркмөнстандагы кызматы — «Азатлык» да Бердымухамедовдун ыктымал өлүмү тууралуу маалымат алган, бирок басылманын журналисттери бул маалыматты төгүнгө чыгара да, ырастай да алышкан эмес.

Анткени менен басылманын журналисттери акыркы убакта Бедымухамедов «коомчулуктун назарынан бат-баттан узак убакытка жоголуп турат» жана коомчулукта «түркмөн лидеринин оор ооруусу тууралуу ушактар пайда болууда» деп маалымдашкан.

Түркмөнстандын дипломаттары: «Бул билдирүүлөр толугу менен жалган»

Түркмөнстандын Кыргызстандагы жана Орусиядагы элчиликтеринин кызматкерлери Бердымухамедовдун ыктымал өлүмү тууралуу маалыматты төгүндөшкөн.

Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Меревдов «АКИпресске» бул чын эмес экенин билдирип, кийинчерээк расмий билдирүү жасоону убадалаган.

Түркмөнстандын Орусиядагы элчилигинин ысымы аталбаган өкүлү да бул маалыматты төгүндөгөн. «Бул толугу менен жалган. Биз бул билдирүүлөрдү төгүндөйбүз», — деп келтирет анын айткандарын ТАСС маалымат агенттиги.

Президент Бердымухамедовдун басма сөз кызматы 15-июлда ал эмгек эргүүдө экенин жана өз неберелери менен убакыт өткөрүп жүргөнүн маалымдаган. Президенттин администрациясы далил катары Бердымухамедов тартылган видео жарыялаган.

«Хроники Туркменистана» көз карандысыз басылмасы президент Бердымухамедовдун самолетун акыркы жолу Германиядан көрүшкөнүн билдирген. Басылманын булактарынын маалыматы боюнча, президенттин маалыматтык мейкиндикте жок болуп кетиши анын дүйнөдөн кайтыш болгонуна байланыштуу эмес. Германияга болсо катуу ооруп жаткан апасын дарылоо үчүн учуп кеткен.

Бердымухамедовдун президенттиги

Гурбангулы Бердымухамедов Түркөнстанды 2007-жылы жетектеп калган. Ал бийликке Сапармурат Ниязов дүйнөдөн кайткандан кийин келген, ага чейин анын дарылоочу дарыгери болгон.

Бердымухамедов 2016-жылы өлкөнүн конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизгенден кийин президенттин бийлик мөөнөтү беш жылдан жети жылга чейин узарган, ал эми өзү болсо өлкө башчылык кызматына чексиз шайлана берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.

Мындан тышкары Бердымухамедовдун «аркадаг» деген титулу бар. Ал сөз «бардык түркмөндөрдүн өкүмдары» дегенди түшүндүрөт. Көптөгөн эксперттер менен журналисттер өлкөдө жеке адамга сыйынуу жана катуу диктатура орногонун белгилешет.

Түркмөнстандын президенти өзүнүн хоббиси менен белгилүү: ал өзү чыгарган ырларды көп аткарат, ошондой эле жарышуучу автоунааларга тест-драйв уюштурат.

Түркмөнстан — Борбор Азиядагы жана дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири. Ал жаратылыш газы чыккан жерлердин чоңдугу боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат, бирок БУУнун маалыматы боюнча, мурдагы совет өлкөсүнүн калкы жарды абалда. Укук коргоочулар Бердымухамедовду адам укуктарын бузгандыгына, оппозицияны басууга жана сөз эркиндигинин жоктугуна айыптап келишет.