Путин менен Атамбаевдин жолугушуусу: Орусиянын башчысы кыргызстандыктарды Жээнбековдун айланасына биригүүгө чакырды

Иллюстративдүү сүрөт

Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев менен Кремлде жолукту. Атамбаев 24-июлда Кант шаарындагы Жаматтык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) аскер базасынан жеке самолет менен Орусияга учуп кеткен.

«Ооба, мен чын эле Алмазбек Шаршенович менен жолуктум. Биз аймактагы жана Кыргызстандагы кырдаал тууралуу сүйлөштүк», — деп журналисттерге билдирди Путин.

Путиндин айтымында, азыр Кыргызстан саясий туруктуулукка муктаж.

«Менин позициям жакшы эле белгилүү. Бул позицияны ага да [Атамбаевге] жеткирдим. Кыргызстан — бул биздин өнөктөш, бизге жакын мамлекет деп эсептейм. Кыргызстан буга чейин бир нече жолу бир топ олуттуу ички саясий силкинүүлөрдү баштан өткөргөн, тагыраагы, аз дегенде эле эки жолу. Менин оюмча, ушуну менен токтош керек, дал гана Кыргызстан элинин кызыкчылыгы үчүн», — деп айтты ал.

Путин кыргызстандыктар учурдагы лидер Сооронбай Жээнбековдун айланасына биригиш керек деп эсептейт.

«Бизде Кыргызстан менен кызматташуу боюнча көп пландар бар. Албетте, биздин багыт ушул пландардын баарын учурдагы бийлик менен ишке ашырууга коюлган», — деп кошумчалады Путин.

Атамбаев Москвага ИИМдин суракка чакырууларына үч жолу барбай койгондон кийин учуп кеткен. Парламент аны экс-президент макамынан жана кол тийбестиктен ажыраткандан кийин ага суракка чакыруу кагаздары келе баштаган. Ал Кыргызстанга 25-июлда кайтып келүүнү пландап жатат, бирок суракка барбай тургандыгын бир нече жолу билдирген.

Мунун баары Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында болуп жатат. Алардын жаңжалы 2018-жылы жазында — Жээнбеков мурдагы президенттин коррупцияга каршы кампаниясынын жыйынтыктарына шектенгенине Атамбаев нааразы болгондуктан башталган.

ТЕМА БОЮНЧА: