Атамбаев КСДПдагы тарапташтары менен чогуу атайын борт менен Москвага учуп кетти

Материал 13:20да жаңыртылды.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев парламенттин депутаттары Ирина Карамушкина, Асел Кодуранова жана Мурадыл Мадеминов менен чогуу Орусиянын Канттагы авиабазасынан Москвага учуп кетти. Бул тууралуу анын кеңешчиси жана КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

До встречи, дорогие друзья! Мы в путь! Приглашающая сторона отправила спецборт авиакомпании РусДжет, тип ВС: RRJ-95B....

Posted by Kunduz Zholdubaeva on Tuesday, July 23, 2019

Буга чейин Атамбаев Кыргызстанга 25-июлда саат 19:00 чамасында кайтып келээрин билдирген. 24-июль күнү эртең менен анын Кой-Таштагы үйүндө 100-300 тарапташтары чогулушкан.

Алар бир нече машиналардан турган колоннанын коштоосу менен Канттагы авиабазага Атамбаев менен жетишти. Жолдо колонна менен эч кандай окуя жаралган жок. Авиабазага мурдагы президенттин негизги тарапташтарынан турган тобун киргизишкен жок.

Атамбаев Орусияга кимге бара жатканын айткан эмес. ЖМКларда ал Орусияда Федералдык бажы кызматынын мурдагы башчысы Андрей Бельянинов менен жолугушаары туурасында маалымат тараган.

Мурдагы президент ИИМдин суракка чакырууларын үч жолу этибарга алган эмес. Парламент аны экс-президент макамынан жана кол тийбестиктен ажыраткандан кийин ага суракка чакыруу кагаздары келе баштаган.

Мунун баары Атамбаев менен учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы араздашуунун шартында болуп жатат. Алардын жаңжалы 2018-жылы жазында — Жээнбеков мурдагы президенттин коррупцияга каршы кампаниясынын жыйынтыктарына шектенгенине Атамбаев нааразы болгондуктан башталган.