Материал 16:47де жаңыртылды.

Дизайнер Никита Тарасенко Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) сурагына 26-июль күнү эртең менен келиши керек эле, бирок ал бул күнү өзүнүн фейсбук баракчасына уктап калып барбай калганын жазган.

Простите, проспал я ГКНБ. Завтра схожу )

Posted by Никита Тарасенко on Thursday, July 25, 2019

«Мен чынында эле уктап калыптырмын. УКМКдан мага эч ким чалган жок, эми жаңы чакыруу кагазын күтүп жатам», — деп түшүндүрдү «Клоопко» Тарасенко.

УКМК дизайнердин суракка келбешине жооп кылып, Тарасенкону суракка кайрадан чакырыш керекпи же жокпу муну алардын Тергөө башкы башкармалыгы чечет деп билдирди. Бирок ведомство суракка экинчи жолу чакыруу тууралуу чечимди качан чыгараарын тактаган жок. 

Тарасенко мурдараак анын УКМКга чакырылышы социалдык тармакка жарыялаган белгилүү саясатчылардын коллажына байланыштуу деп билдирген.

Коллажда ал президент Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси жана парламенттин депутаты Асылбек Жээнбековду тартып, алардын ортосуна Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матаримовду жайгаштырган. Дизайнер өзүнүн постун «Оштогу уюшкан кылмыштуу топ» деп атаган.

«“Оштуктар” жөнөкөй жарандарды бир катар карактоолорунан улам белгилүү болушкан. Тергөөчүлөрдүн ою боюнча, алардын эсебинде аз эле дегенде каракталган 700 млн доллар бар», — деп жазган Тарасенко.

Дизайнер укук коргоо органдарынын сурагына биринчи жолу чакырылып жаткан жок — 2018-жылдын октябрында ал президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу мемдердин айынан Башкы прокуратурада бир жарым саат өткөргөн.

Тема боюнча: Дизайнер Жээнбеков тууралуу мемдерден улам Башкы прокуратурага чакырылды. Президенттин басма сөз катчысы муну «жагымсыз сюрприз» деп атады