Ош: Май куюучу бекетте чыккан өрт боюнча иликтөө иштери башталды

Маалымат 1-августта, саат 15:30да жаңыртылды.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Нур-Пери Абдуллаева «Клоопко» билдиргендей, Кара-Суу районунун Жаңы-Учар айылында жайгашкан Ped Petroleum күйүүчү май куюучу бекетинин бензовозунун өрттөнгөнү иликтөөгө алынды.

«Учурда техникалык экспертиза дайындалды. Анын жыйынтыгы өрт эмнеден улам келип чыкканын көрсөтөт», — деди Абдуллаева.

Аталган факт Кылымыштардын жана жоркутардын бирдиктүү реестрине «Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу» беренеси менен катталган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Red Petroleum май куюучу жайдагы бензовоздон 31-июлда чыккан өрт саат 23:45те өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок.

Өрт туурасында маалымат ӨКМге саат 22:23тө түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө министрликтен алты бөлүм тартылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, 10 тонналык бензовоз бекетке май куюуп жатканда өрттөнгөн.

Бул калаадагы май куюучу жайдан чыгып жаткан биринчи эле өрт эмес. Март айында Курманжан датка кичи районундагы «Октан сервис» бекети жарылган. Анда бир адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.