Ошто май куюучу бекеттен өрт чыгып, бир адам жабыркады

Өрттөнүп жаткан май куюучу жай. Күбөлөр тарткан сүрөт

Ош шаарынын Курманжан Датка кичи районундагы май куюучу бекеттердин биринде өрт чыкты. Тилсиз жоо 22:10до чектөөгө алынганын ӨКМден билдиришти. Кырсыктан бир адам жабыркап, ал ооруканага жеткирилген — анын абалы «оор» деп бааланууда.

Маалымат саат 10:40та жаңыртылды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынын маалыматына ылайык, өрт Курманжан датка кичи районунун Исанов көчөсүндө жайгашкан «Октан сервис» май куюучу бекетинде чыккан. Аны чектөөгө алууга дээрлик эки сааттай убакыт кеткен.

«Өрт тууралуу маалымат 20:16да түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 7 бөлүм тартылган. Өрт 22:10до чектөөгө алынып, толук өчүрүү иштери эрте мененки саат саат 08:10го чейин уланган», — деп билдиришти ӨКМдин маалымат кызматынан.

Министрликтен өрттүн кесепетинен май куюучу бекеттин 59 жаштагы кызматкери денесинен күйүк алганын ырасташты. Ал облустук оорукананын күйүктөр бөлүмүнө жаткырылган — абалы «оор» деп бааланууда.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов жабыркаган жарандан кабар алып, бейтап дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө болоорун билдирди. Мэриянын маалыматына ылайык, калаадагы май куюучу жайлардын коопсуздугу текшерилмекчи.

Бекеттин жанындагы көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын бири Нурия Маткаримова катуу чыккан үндөн чоочуп неберелери менен сыртка чуркап чыкканын айтат.

«Неберелерим менен отургам. Бир маалда “дүң” деген үн чыкты. Сыртка чуркап чыктык. Кудай сактады. Түнкүсүн жүз бергенде жаш адамдар, балдар жабыркап калмак. Мындай [май куюучу жайларга] тыюу салуу керек», — дейт Маткаримова.

Дагы бир тургун Максуда Абдрахманова үйүндөгү терезелеринин айнектери күбүлүп калганын мындайча эскерди: «Карасам эле айнек тараптан бир жарык каптап кетти. Уктоочу жана конок бөлмөнүн терезелериндеги айнектер күбүлүп калыптыр. Коркуп кеттик, жарым сааттай өзүмө келе албай жүрдүм», — деди ал.

Жеринде Ош шаардык милициянын ыкчам тергөө тобу да иш алып барууда. Тилсиз жоонун келип чыгуу себептери азырынча белгисиз.