Президент Сооронбай Жээнбеков 2-августта соңку беш жылда эмгек мигранттары Кыргызстанга 19 млрд доллардан ашуун акча которушканын билдирди. Салыштыруу үчүн ушул эле убакыт аралыгында өлкө товар экспортунан 18 млрд доллар киреше тапкан.

Өлкөгө келген чет элдик инвестициялардын көлөмү 8,3 млрд долларды түзгөн.

«Ар бир мигранттын акчалай которуулары курулуш, финансы, тигүү өндүрүшү, транспорт, байланыш, соода жана кызмат көрсөтүүлөр, айыл чарбасы ж. б. тармактардын өнүгүшүнө түрткү болууда», — деди Жээнбеков.

Президенттин айтымында, 2018-жылга карата эмгек мигранттары менен жергиликтүү ишкерлер аймактарды өнүктүрүүгө 6,1 млрд сом салым кошушкан.

Бул акчаларга 374 өндүрүш жана кайра иштетүүчү ишканалар салынган; 373 социалдык объект курулуп, оңдолгон; жолдор жана суу түтүктөрү оңдолуп, андан тышкары, 4 миңден ашуун жакыр үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн.

Кыргызстан эмгек мигранттарынын акчаларына кантип күн көрүп жаткандыгы тууралуу бул жерден окуңуз.

Авторлошу: Савия Хасанова