«Ала-качуу» мини тасмасынан алынган кадр

ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Улан Рысбеков 2-августта билдиргендей, милиция 2019-жылы алты айдын ичинде ала качуу фактысы боюнча 188 кылмыш ишин козгогон.

Рысбековдун айтымында, кылмыш иштеринин «көпчүлүгү» сотко өткөрүлгөн. Бирок ИИМдин өкүлү сотко өткөрүлгөн иштердин так санын ачыктаган жок.

ИИМ соңку беш жылда, 2013-жылдан 2018-жылга чейин, милиция ала качуу боюнча болгону 168 кылмыш ишин ачканын өткөн жылы кабарлаган. Бул жылына орточо 33 кылмыш иши, ушул көрсөткүч быйылкы жарым жылдыкка салыштырмалуу 3,5 эсе аз.

БУУнун гендердик маселелер боюнча баяндамасына ылайык, Кыргызстандагы ар бир бешинчи үй-бүлө ала качуу жолу менен пайда болгон.

Жазык кодекси боюнча, никеге туруу үчүн адамды эркине каршы уурдоо 5 жылдан 7 жылга чейинки эркинен ажыратуу менен жазаланат. Жашы жете электи ала качуу үчүн 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жана 200 миң сомго чейин айыпка жыгуу жазасы каралган.