МККнын экс-башчысы Шаиковага издөө салынышы мүмкүн

Алина Шаикова. Сүрөт: өкмөттүн басма сөз кызматы

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдиргендей, Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) мурдагы башчысы Алина Шаикова 5-августка чейин суракка келбесе ага издөө салынат.

«Адвокаты аркылуу бир нече жолу суракка чакыруу кагазын тапшырганбыз. Бирок ал келген эмес», — деп билдиришти УКМКнын басма сөз кызматынан.

Бирок ведомство Шаикова качантан бери мамкомитеттин сурактарына келбей жатканы боюнча маалымат берүүдөн баш тартты.

МККнын мурдагы башчысы Алина Шаикова биометрикалык чет мамлекеттик паспортторду даярдоо тендерин өткөрүүдөгү коррупция тууралуу иш боюнча фигурант катары өтүп жаткан. Бул тендерди литвалык Garsu Pasaulis компаниясы жеңип алган. Ал МККнын башчылык кызматынан тендерди иликтөөнүн шартында апрель айында бошотулган.

Чуулгандуу тендер

Мамлекеттик каттоо кызматы 2018-жылы күзүндө жаңы үлгүдөгү биометрикалык чет мамлекеттик паспорттордун бланктарын даярдоого тендер жарыялаган. МКК бланктарды жасоонун кунун 1,2 млрд сомго баалаган. Ал кезде кызматты Алина Шаикова жетектеп турган.

Анда тендерди өз кызматын 940 млн сомго баалаган литвалык Garsu Pasaulis компаниясы жеңип алган. Эң эле төмөн бааны кызматын 686 млн сомго баалаган Mühlbauer ID Services GMBH аттуу немис компаниясы сунуштаган.

Бирок тендерден кийин германиялык Mühlbauer ID Services GMBH жана франциялык IDEMIA France компаниялары тендер эреже бузуулар менен өткөнүн билдиришкен. Андан кийин УКМК өз иликтөөсүн баштап, анын кызматкерлери апрель айынын башында паспортторду сатып алуу тендерине кандайдыр бир байланышы бар адамдарды суракка алып, алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Кийинчирээк атайын кызмат МККнын кызмат адамдары литвалык Garsu Pasaulis компаниясынын өкүлдөрү менен көмүскө келишимге барышып, тендер учурунда алардын кызыкчылыктарын коргошкон деп билдирген. Атайын кызмат келтирилген зыянды 253 млн сомго баалаган.

МККнын аткаминерлери Garsu Pasaulis компаниясы менен «байланышы бар» деген айып менен 16-апрелде кармалышкан. Бирок, МКК ведомствонун кызматкерлери «өлкөнүн мыйзамдарына ылайык» иш-аракет кылышкан деп билдирген. Ошондой эле МККдагылар Garsu Pasaulis компаниясы менен келишим түзүлбөгөндүктөн, мамлекетке экономикалык зыян келтирилген эмес деп эсептешет.

Бирок компаниянын өзүндө Кыргызстандын атайын кызматтарынын бардык айыптарын четке кагышууда. Компаниядагылар УКМКнын айыптоосун «жашыруун сандырак жалаа» деп эсептешет жана аларды «республиканы өнүктүрүү боюнча дымактуу программаларды үзгүлтүккө учуратуу» деп эсептешет.