Аравандагы мечиттердин бириндеги жума намаз. «Клооп» үчүн Арсений Мамашевдин жана Данил Усмановдун тарткан сүрөтү

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин өлкөгө жаңы диний агымдар кирип келди. Алардын ичинде христиан жана ошондой эле ислам агымдары бар. Ислам багытындагы топтор жергиликтүү же «салттуу ислам» деп эсептелген диний жөрөлгөлөрдөн айырмаланат. Бул чакан тоолуу өлкөдөгү Советтер Союзунан калган улуттук көп түрдүүлүк менен катар диний көп түрдүүлүктү пайда кылды. Мамлекет бул чөйрөнү эгемендиктен бери катуу көзөмөлгө албай келгендиктен азыркы күндө Кыргызстанда Борбор Азиядагы коңшуларына караганда бул диний көп түрдүүлүк өсүп жатат.

Бирок бийликтегилер дин тармагын көбүрөөк көзөмөлдөө үчүн 2014-жылы Мамлекеттик концепция иштеп чыгышкан. Алты жылдык мөөнөт менен белгиленген концепцияда дин мамлекеттик түзүлүшкө кийлигише албасы жана Кыргызстан поликонфессиялык өлкө экени айтылган. Документти андан ары окуганда бир карама-каршылыкты көрүүгө болот: ислам динин, анын ичинде ханафи мазхабын өнүктүрүү үчүн шарт түзүп берүү керек экени концепцияда белгиленет.

«Улуттук коопсуздукту жана маданий өзгөчөлүгүн камсыз кылуу максатында мамлекет ханафий жана матуридит дин ынанымынын диний-укуктук мектебинин негизиндеги сунниттик исламдын салттуу сабырдуу формаларын чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт», — деп айтылат документте.

Ханафи мазхабы (ханафизм) — суннит исламга кирген укуктук мектеп. Суннит исламга аны менен катар дагы үч мазхаб кирет. Алар: маликит, ханбалит жана шафиит мазхабдары. Мазхабдар дүйнөнүн ар кайсы бөлүктөрүндө түптөлгөн. Ал эми ханафи мазхабы Борбор Азияда IX-X кылымдарда пайда болгон. Күнүбүздө ал суннит багытындагы эң кеңири тараган жана азыркы күнгө чейин жашап келаткан мазхабдардын бири болуп эсептелет.

Мазхабдардын ортосундагы башкы айырмачылык укук булактарында жатат. Мисалы, ханафи укугунда урф (үрп-адат) түшүнүгү бар. Бул Куран, сүннөт жана ижма сыяктуу негизги укук булактарында эч нерсе табылбай калган учурда жергиликтүү үрп-адатка карап чечим чыгарууга болот дегенди билдирет.

Кыргызстан өз диний саясатында ханафизмди белгилөө үчүн «салттуу ислам» деген терминди колдонуп келет. Бул түшүнүктү пайдалануу менен бийлик өкүлдөрү ар кайсы диний агымдарды башкарып, жергиликтүү динге сырттан кирген агымдардын таасир этүүсүнө жол бербөө үчүн аракет кылып жатат. А чынында, дин чөйрөсүнө да кулачын жайган ааламдашуу кыргыз бийлигине жакпай, кайрадан аларды чочутуп жатат. Ошондуктан алар жергиликтүү элге чоочун болбогон ханафизмге колдоо көрсөтүү Кыргызстанды, мисалы, диний радикализмден коргойт деп эсептешет.

Бирок бул идеянын өзү эле кооптонуу жаратат. Себеби Кыргызстан — секулярдык өлкө. Белгилүү бир диний топко арткыкчылык берүү Концепцияда да, Конституцияда да жазылган эң негизги принципке карама-каршы келүүдө.

«Салттуу ислам» деген түшүнүктү сүрөмөлөгөндө ханафизмди карманбагандардын абалы кандай болот? Бул мусулмандардын бири-биринен «салттуулукту» издеп атып, коомдо тескерисинче бөлүнүп жарылууга алып келбейби?

Исламды обочолонтуп кармоо Советтер Союзунун тушунда болгон. Ошол убактагы саясий кырдаалдан улам Борбор Азиядагы ислам дини ислам дүйнөсүнөн бөлүнүп калган. Натыйжада ал жергиликтүү формага өтүп, калктын маданиятынын бир бөлүгү катары кабыл алына баштаган. Ал эми XX кылымдын башына чейин Борбор Азия ислам дүйнөсүнүн эң салмактуу бөлүгү болуп келген.

XXI кылымда бул процесс кайра жанданып, адамдар менен кошо идеялар да саякаттай баштады. Ага карабастан кыргыз бийлиги өлкөдө бир типтүү мусулмандарды көргүсү келип аткандай. Өзгөчө бүгүнкү күндө дүйнөлүк динди обочолонтуп кармоо акылга сыйбаган иш.

«Клооп» үчүн Арсений Мамашевдин жана Данил Усмановдун тарткан сүрөтү

Ааламдашуу — бул табигый көрүнүш. Өлкө обочолонгон учур аягына чыгып, жергиликтүү дин кайра дүйнөлүк ислам менен аралаша баштады. Күнүбүздө Кыргызстанда суннит исламга кирген, бирок ар башка укуктук мектептердин өкүлдөрүн кезиктирүүгө болот. Мисалы, Мухаммед пайгамбардын учурундагыдай ислам динин кармангысы келген салафиттер, Индияда пайда болгон Таблиги Жамаат аттуу консервативдүү агым жана ошондой эле Түркияда түптөлгөн либералдуу Нуржуларды атоо жетиштүү.

Дин иштери боюнча комиссиянын изилдөөсү көрсөткөндөй, өлкөдөгү активдүү диний топтордун арасында Таблиги Жамаат менен Нуржулар бар. Эки агым тең өлкө эгемендик алгандан кийин пайда болгон. Ошондуктан алардын ичинде ханафизмден башка мазхабдарды кармангандарды кезиктирүүгө болот. Ар кандай маалыматтарга ылайык, 80ден 90% чейинки кыргызстандыктар мусулман болуп эсептелет. Ал эми бийлик алардын баарын автоматтык түрдө ханафиттерге киргизип коюп жаткандай. Бирок бул жаңылыштык.

Бул идея ар бир кыргыз бул мусулман деген союз маалындагы стереотиптерге окшошуп кетет. А чынында диний ишенимдин болуп болбошу адамдын өң-түсүнөн же кебетесинен көз каранды эмес. Азыркы күндө Кыргызстанда хижаб кийген славян кызды же болбосо өзүн атеист деп эсептеген кыргыз жигитти кезиктирүүгө болот.

Бүгүнкү күндө адамдарга эмнеге ишеништи, кантип ишеништи үйрөтүүнүн кажети жок. Ар бир адам өз ишенимин өзү аныктайт.

Бирок адамдардын жеке жашоосуна тиешелүү диний суроолор коомдук талкууга айланып, ал түгүл президенттик деңгээлге да чыгып кеткен учурлар бар. Мисалы, кыргызда атасы тирүү түрүп сакал койгон эмес, турмушка чыга электе жоолук оронгон эмес дегендер азыркы күнгө чейин кездешет. А талаш-тартыштын эки тарабында тең өздөрүн мусулман деп эсептегендер турат.

Ошондой эле эки башка динди кармангандардын ортосунда чыккан чыр-чатактарга күбө болуп жатабыз. Ала-Букадагы христиан аялдын сөөгүн мусулмандардын көрүстөнүнө койдурбай койгон окуя менен Ысык-Көлдө христиан жигитти айылдаштары өлөрчө сабап кеткенин эске салсак жетиштүү.

Ошол эле учурда экс-президент Алмазбек Атамбаев ханафизмден айырмаланган ислам дининин башка агымдары туурасында өз оюн билдиргенге да үлгүргөн. Анын оюнча, «салттуу исламды карманбагандар» «ислам дини менен арабдардын, Бангладештин жана Пакистандын элинин маданиятын чаташтырып, таңуулоодо».

«Көчөлөрдө сакалдарын сербейтип, дамбалчан жүргөндөр толуп кетти. Эзелтен татынакай ачык түстүү кыргыз кийимдердин ордуна кыз-келиндерибизге салт боюнча жесирлер гана кийген кара кийим таңууланып жатат. [...] Биз буга жол берсек өлкөбүздү жоготобуз, кыргыз элин жоготобуз! Анткени, тилин, дилин унуткан эл — эл эмес!» — деп билдирген Атамбаев 2014-жылы Коргоо кеңешинин жыйынында.

Ал эми бир жылдан кийин эле Бишкектин борбордук бөлүктөрүндө улуттук кийимчен жана хижаб кийген кыз-келиндердин сүрөттөрү түшүрүлүп, анын асты жагында болсо «Кайран элим, кайда баратабыз?» деп жазылган көрнөктөр пайда болгон.

Мындай ой бийлик өкүлдөрүнүн арасында азыркы күнгө чейин сакталып келет. Мисалы, 2018-жылы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Зайырбек Эргешов мага берген интервьюсунда Кыргызстандагы дин кандай болушу керек экени боюнча Атамбаевдин идеясын колдогон.

«Кылымдар бою калыптанып келген ислам динине сырттан, Арабиядагы, Ирандагы же Египеттеги принциптер менен келгенде бул жердеги салттуу ислам менен карама-каршы келип калып атат», — деген Эргешов.

«Клооп» үчүн Арсений Мамашевдин жана Данил Усмановдун тарткан сүрөтү

Кыргызстанга эгемендиктен кийин Жакынкы Чыгыштан же болбосо Түштүк Азиядан келген диний агымдарды экстремисттик кыймылдар менен айкалыштырышкандай. Радикалдык топтор сөзсүз түрдө улуттук коопсуздукка коркунуч туудурат. Бирок хижабчан кыздар менен сакалчан жигиттерди «эзелтен берки кыргыз исламын» карманбаганы үчүн гана экстремисттерге теңөө кичине аша чапкандыкка жатат.

Эгер бийлик чындыгында өлкөдөгү диний кырдаалды жөнгө салгысы келсе, анда алар Конституция нормаларын бузбай жана белгилүү бир топту «өнүктүрүүгө шарт түзбөй» бардык диндерди бирдей карашы кажет. Мисалы, диний сабырсыздык менен байланышкан чыр-чатактарга жол бербеши зарыл. Бул үчүн исламдан башка динди кармангандар же атеисттер үчүн өзүнчө көрүстөн бөлүштүрүү жагын колго алса болмок.

Экстремизм демекчи, адамдар мындай топторго жөн жерден эле бара беришпейт. Эксперттердин белгилешинче, адамдар экстремисттик топторго жакырчылыктан, жумушсуздуктан, бийликке жана укук коргоо органдарына нааразычылыктан, ошондой эле коомдун/бийликтин/белгилүү социалдык топтун кысымына кабылгандыктан барышат.

Концепцияда да белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбесе, бийлик диний уюмдардын ички иштерине кийлигише албайт. Ошондуктан Конституцияда да дин менен мамлекет эки башка болуп ажыратылган. Дин иштерине кийлигишүү чоң коркунучка алып келиши ыктымал. Эгерде бийлик бир диний топко артыкчылык берип, башкаларын ачык эле басмырласа, бул коомдо «жагымсыз» диний топтордун түптөлүшүнө, ал топторго байланыштуу терс пикирлердин калыптанышына алып келет. Мындай абал Кыргызстанда эбак эле жаралганын жогорудагы мисалдар тастыктайт.

Эгерде союз маалында улут менен дин дээрлик эриш-аркак жүрүп келген болсо, азыркы күндө адамдар диний иденттүүлүгүн өзүнчө, улуттук иденттүүлүгүн өзүнчө бөлүп карай башташты. Башкача айтканда, азыр адамдар өзүн кыргыз деп эсептеген менен ханафи мазхабын карманбай деле жашашы мүмкүн, же болбосо тескерисинче, диний ишеними улутунан жогору турушу ыктымал. Бул кадыресе көрүнүш, эч кандай коркууга кажет жок. Муну ааламдашкан доорубуздун мыйзам ченемдүүлүгү катары кабыл алсак да болот. Коркунуч качан адамдарга өздөрү тандаган динин тутунууга тыюу салганда жаралышы мүмкүн.

Ислам — бул глобалдык кубулуш. Аны бир мамлекеттин чектеринде кармап турууга мүмкүн эмес жана эч кандай кажет жок. Мусулмандардын кайсы бөлүгүнө колдоо көрсөтүп, кайсыларын жаман көрсөтүүнүн ордуна бийлик өз энергиясын Кыргызстандын жарандарын эч кандай диний өзгөчөлүгүнө карабастан биримдикте кармоого жумшаса болмок.