Эмгек министрлиги жашы жете электерге «кооптуу» жумуштарда иштөөгө тыюу салгысы келет

Иллюстративдик сүрөт

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги эрте жашында иштөөгө аргасыз болгон жашы жете элек кыргызстандыктарды коргоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Мыйзам долбоору 2-августтан тарта коомдук талкууга чыгарылган.

Бул үчүн ведомстводо атайын ишмердиктин 700 түрүнөн турган реестр даярдашкан. Эмгек министрлиги тизмедеги жумуштарды «жашы жете элек кыргызстандыктардын ден-соолугу үчүн кооптуу» деп эсептешкен.

Министрлик жашы жете элек кыргызстандыктарга оор жүк ташыгыч, электрик жана темир устасы болуп, анын ичинде түнкү нөөмөттө иштөөгө тыюу салууну сунуштоодо.

«Өндүрүү процесстерине тартылуучу балдар дене бой, интеллектуалдык, руханий-этикалык өнүгүү жактан кыйла артта калып, бул алардын андан аркы социалдашуусуна терс таасирин тийгизүүдө жана улуттун генофондун начарлантуучу негизги факторлордун бири болууда», — деп айтылат мыйзам долбоордун текстинде.

Өспүрүмдөрдүн эмгегине тыюу салуу күчүнө кириши үчүн министрликтин мыйзам долбоорун парламент үч окуудан жактырып, президент кол коюшу керек.

Эл аралык эмгек уюму 2015-жылы эле Кыргызстандын бийлиги өспүрүмдөр үчүн кооптуу жумуштардын тизмесин түзүп чыгышы керек болчу экендигин билдирген.

ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда балдардын 26,7% эмгекке тартылган. Айыл жергелеринде жашаган балдар шаарда жашагандарга караганда көп иштөөгө мажбур.

Балдар эмгегинин эң жогорку көрсөткүчтөрү Нарын жана Талас облустарында, ал эми эң төмөнкү көрсөткүчтөр Бишкек жана Ошто.