Видео: Ош шаардык милициясы борбордук көчөдө сабалган кыздын окуясын териштирүүдө

Социалык тармактарда 11-августта жигиттин кызды сабап жатканы тартылган видео тараган. Анда жигит кызды чачынан сүйрөп, чаап жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле, эркек киши аны түрткөндө кыз дубалга барып урунган.

Видеонун автору жигитке кайрылып, тасманы интернетке жарыялайм деп коркутканына карабастан ал сабаганын уланткан.

«Байке, мен мунун баарын видеого тартып жатам. Бул окуя биздин Араван кичи районунда болууда. Белгисиз эркек киши кызды сабап жатат. Балким ал ага эч ким», — деп комментарий берген тасманын автору.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» окуя Араван кичи районун «Симба» дүкөнүн тушунда болгонун тастыктады.

«Азыр тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Видеодогу жигиттин өздүгү аныкталып жатат. Укуктук баа тергөөнүн жыйынтыгы менен берилет», — деп билдирди Сыдыков.