Ош шаарындагы веложолго орнотулган шлагбаум. Сүрөт: Дастан Үмөтбай уулу / Kloop.kg

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Клоопко» веложолдун эки тарабына шлагбаум орнотулганын билдирди. Мындай чечим шаардыктардын коопсуз эс алуусу үчүн кабыл алынган.

«Жол белгиге карабастан көпчүлүк айдоочулар ага баш ийбейт болчу. Ал жерде тургундар эс алат, жаш балдар ойнойт. Ар түрдүү айдоочулар бар да, анын ичинде мас абалында дагы», — деп түшүндүрдү Абсаттаров.

Саат 19:00дөн түнкү 1ге чейин веложолдон унааларга жүрүүгө тыюу салынган. «Клооптун» журналисттери 24-июлда веложолго барып, жол белгинин сакталышына байкоо жүргүзүшкөн. Жыйынтыгында айдоочулардын көпчүлүгү жол эрежесин билишкени менен ар кандай шылтоолорду айтып аны бузушкан.

Ош шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн веложолду коопсуз кылуу маселеси каралып жатканын билдиришкен. Көп өтпөй мэриянын чечими менен жолго эки шлагбаум орнотулган.

Веложол Ак-Буура дырыясын бойлото 2017-жылы салынган. Анын узундугу 2,6 километрди түзүп, курулушуна 45 млн сом сарпталган.