ИИМ КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеевдин кармалышын четке какты

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, журналист жана КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев кармалган эмес. Ведомстводон кошумчалашкандай, азырынча ал суракка чакырылган жок.

«Айтикеев 10-октябрга чейин камакка алынды деп тарап жаткан маалымат чындыкка коошпойт», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Айтикеев7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча ачылган кылмыш ишинде күбө катары өтүп жатат.

Мурдараак «Апрель» маалымат агенттиги Мирбек Айтикеев кармалды деп билдирген. Ал эми Kaktus.Media басылмасы Биринчи май райондук соту аны 10-октябрга чейин камакта калтырганын жазган.

Айтикеев — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жигердүү тарапташы. Ал Атамбаевдин үйү штурмга алынып жаткан учурду түз алып берип көрсөтүп турган. Кой-Таштагы тартипсиздиктерден жана мурдагы президенттин тарапкерлеринин күч кызматкерлери менен кагылышуусунан улам бир нече кылмыш иши козголгон.

Бул иштердин негизинде милиция жана УКМК Атамбаевдин тарапкерлерин жапырт суракка ала баштаган — депутаттар Асел Кодуранованы жана Ирина Карамушкинаны, КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаеваны жана Атамбаевдин уулу — Сейитбек Атамбаевди.

Атамбаевдин айрым тарапкерлери да буга чейин кармалган. Мурдагы президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов УКМКнын спецназынын офицерлерин барымтага алуу фактысы боюнча кармалып, 10-октябрга чейин камакта калтырылган.

Алмазбек Атамбаев өзү камакта, ага кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу тууралуу иштин негизинде коррупция боюнча айып тагылган. Андан тышкары, мурдагы президент укук коргоо органдарынын кызматкерлерине зомбулук колдонуу, массалык тартипсиздиктерди уюштуруу, адам өлтүрүү жана адамдарды барымтага алууга шектелүүдө.