КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев кармалды — «Апрель»

«Апрель» маалымат агенттиги журналист жана КСДП партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеевдин кармалгандыгын маалымдады. Kaktus.Media басылмасынын маалыматына ылайык, Биринчи май райондук соту аны 10-октябрга чейин камакта калтырган.

Айтикеев — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жигердүү тарапташы. Ал Атамбаевдин үйү штурмга алынып жаткан учурду түз алып берип көрсөтүп турган. Журналист кайсы иш боюнча кармалгандыгы азырынча белгисиз. Материал жарык көрөөр алдында ИИМдин басма сөз кызматы комментарийлерге жеткиликсиз болду.

Күч органдары Алмазбек Атамбаевди 8-августта кармашкан. Сот аны 26-августка чейин абакта калтырган. Тергөө мурдагы президентти кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча коррупцияга айыптап жатат.

Атамабевдин кармалгандан кийин милиция жана УКМК анын тарапташтарын жапырт суракка ала баштаган — депутат Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкинаны, КСДПнын төрайымынын орун басары Кундуз Жолдубаеваны жана Атамбаевдин баласы Сейитбек Атамбаевди.

Атамбаевдин айрым тарапкерлери да буга чейин кармалган. Мурдагы президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов УКМКнын спецназынын офицерлерин барымтага алуу фактысы боюнча кармалып, 10-октябрга чейин камакта калтырылган.

Андан тышкары, Атамбаевди колдоо боюнча Элдик штабдын начальниги Кыяс Смалиев да кармалган. Ал дагы УКМКнын кызматкерлерин барымтада кармоо фактысы боюнча өтүүдө.