«Ал мага алданып калганын айткан. Аны жөн гана алдап туруп, үйгө кайтуу үмүтүн үзүп салышкан. Бирок, жараткан Кудай дагы бир мүмкүнчүлүк бериши керек — бул менин үмүтүм, эненин үмүтү» — деп айтты кайгылуу үн менен шыбын көө баскан ашканада отурган Наргиза*.

Терезенин текчесинде жалгыз кызыл гүл турат. Мурда эне батирдин ичинде жана көп кабаттуу үйдүн короосунда гүлдөрдү өстүргөндү жакшы көрчү. Азыр ал жер суунун жоктугунан жана каралбай калгандыктан ээн турат.

«Аны карагыдай алым жок. Эч нерсе кылгым келбей калды», — деп башын жерге салды Наргиза. Кызы туш болгон тагдырдан улам эне өңдөн азып, картая түшкөн.

Наргиза конверттен кара чачтуу, көздөрү балбыл жанган кыздын сүрөтүн алып чыкты. Анда күлүмсүрөп сүрөткө түшкөн кызды көрүүгө болот. Бул анын кызы Айжан*. Апасы дал ушул сүрөттү сактап жүрөт. Анткени бул сүрөттө кызы бактылуу. Ал консерваторияны жакында эле аяктап, өлкөгө концерт коюп гастролдой баштаган эле. Анын балалык кыялы аткарылып, чоң сахнада ырдай баштаган.

Бир нече жыл өткөндөн кийин Айжан турмушка чыгып, гастролдорун токтотуп, өзүн үй-бүлөгө арнаган. Анын күйөөсү ыр ырдоо динге каршы келет деген негизде сахнага чыгуусуна тыюу салып койгон.

Акыркы жолу Наргиза кызын ыйык Рамазан айында көргөн. Башынан ылдый кара паранжа жабынып, колунда ыйлап жаткан алдейин кармап турган. Ал учурда Айжан апасына Түркияга иштегени кетип жатканын айткан. Ал эми арадан бир жыл өткөн соң кабагын бүркөгөн тергөөчү Наргизанын үйүнө келип, кызы Сирияда экенин кабарлайт.

Айжандын жолдошу Жакынкы Чыгыштагы согуш аракеттери учурунда ката кетиргенин түшүнүп, согушуудан баш тарткан. Бул үчүн ага өлүм жазасы чыгарылган. Ал эми жесир калган Айжан кичинекей балдары менен бирге ушундай эле тагдырга туш болгон аялдарга кошулуп, качкындар лагерине баш калкалай баштаган.

Наргиза эне бардык мамлекеттик органдардын эшиктерин каккылап, кызын үйүнө кайтарууга аракет кылып жатты. Бирок, аны бир кабинеттен экинчи кабинетке жөнөтүп, баары тең чечимди президент гана кабыл аларын айтышкан. Бирок, өлкө башчынын пикири боюнча Сириядан кайтып келген кыргызстандыктар «айдан-ачык коркунуч жаратат».

Анткен менен 5-августта Кудай Наргизанын тилегин орундатты окшойт — кыргыз өкмөтү кыргызстандык балдарды мекенине алып келүүнүн үстүндө иштей турган жумушчу топту Жакынкы Чыгышка жөнөтүү чечимин кабыл алды.

Мындан тышкары, ага чейин активист Кубанычбек Токтосуновдун жетекчилиги астында демилгечи топ түзүлүп, алар Сирия менен Иракта адашып жүргөн 150 эне-баланы өз эсебинен Кыргызстанга алып келүүгө жана аларга реабилитация жүргүзүүгө даяр экенин билдирген.

Бул демек, Наргиза жакында кызын жана неберелерин көрүүгө мүмкүнчүлүк алат дегенди билдирет.

Бул тасма Европа биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдалды. Тасманын мазмуну авторлордун жоопкерчилигинин предмети болот жана Европа биримдигинин көз карашын чагылдырбайт.

Авторлору: Айдай Эркебаева, Арсений Мамашев, Даниль Усманов