ЖМК: Атамбаевдин үйүн штурмга алууда каза тапкан спецназдын өлүмүнө шектүү кармалды

УКМКнын «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкери Үсөнбек Ниязалиевдин өлүмүнө шектелген адам кармалды деп биринчилерден болуп 24.kg басылмасы өз булактарына таянып жазып чыкты.

«Алдын ала алынган маалыматка караганда, Үсөн Ниязбековду өзүнүн куралы менен атышкан. Шектүү кармалганы маалым болду», — деп билдиришти басылмадан.

Шектүүнүн кармалганы тууралуу күч түзүмдөрүнө таянып Kaktus Media басылмасы да билдирди.

«Күч түзүмдөрүнүн айтымында, Ниязбековду Кой-Таш операциясын башкарууга келгенде жанында алып жүргөн автоматынан атышкан. Спецназдан автоматты Атамбаевдин тарапташтары тартып алган», — деп маалымдайт басылма.

Материал жарык көрөөр алдында «Клооптун» журналистинин УКМКнын басма сөз катчысы менен байланышуу аракетинен майнап чыккан жок.

УКМКнын божомолу боюнча Ниязбековду снайпердик куралдан өлтүрүшкөн.

Үсөнбек Ниязбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн штурмга алуунун биринчи күнү 7-августта түнкү маал каза тапкан. Анын артында алты баласы жана жубайы калды.