«Жээнбеков 22 жыл жаныбызда жүрдү» — Раиса Атамбаева күйөөсүнүн кармалышына комментарий берди

Мурдагы президент жана Раиса Атамбаева

Раиса Атамбаев 16-августта күйөөсүнүн жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кармалышы менен ага карата тергөөгө байланыштуу кайрылуу жасады. Ал бийликтин жолдошуна, үй-бүлөсүнө жана үзөңгүлөштөрүнө карата иш-аракеттерин «куугунтук» деп атады.

«Улуу баласы [Алмазбек Атамбаевдин] Сейитбек жырткычтыкка салынып токмоктолгон. Аны күнүгө УКМКга суракка сүйрөп жатышат, гипс менен, балдакчан жүрөт. Үй-бүлөбүздүн жакын бир тууганына эки кылмыш иши ачылды», — деп билдирди Атамбаева.

Ал бийлик үй-бүлөнүн Кой-Таштагы үйүнө мөөр басып кетээрин күтүп жатканын кошумчалады. Андан кийин мурдагы президенттин башка турак жайы калбайт.

«Учурда Ала-Арчадагы мамлекеттик резиденциясындагы үйүбүзгө мөөр басылган. Ага кире албай бизге тиешелүү буюмдарды да алып кете албай жатабыз. Мен Ала-Арчадагы үй биздин каражатка курулганын белгилегим келет. Ал толугу менен биздин акчага жасалган, ошого карабастан [бийлик] ушуну жасап жатат», — деп айтты мурдагы президенттин жубайы.

Анын айтымында, Атамбаевдердин банктык эсеби да камакка алынган. Эсепте «жашап турайын деген кичинекей акча» болгон.

«Мамлекет башчысына [Сооронбай Жээнбековго] кайрылгым келет. Ал 22 жыл жаныбызда, Алмазбек Шаршенович менен жүрдү. Үй-бүлөсү менен да үйүбүзгө келген, жылуу сөздөрдү айткан, достук жөнүндө айткан. Бирок азыр мунун баары тепселенип калганын түшүнүп жатам», — деп билдирди Атамбаева.

Ал президентти «элдин алдында кандай болуп көрүнөөрүн» ойлонууга чакырды.

«Биз мурдагы башкаруучулар кыршылаштарынын жубайларын куугунтуктаган эместигин жакшы билебиз. Алардын балдарын, үй-бүлөсүн да куугунтукташкан эмес. Анткени бул алардын ар намысынан төмөн болгон», — деди ал.

Мурдагы президентке каршы бир нече айып коюлган, алардын ичинде «массалык башаламандыктарды уюштуруу», «адам өлтүрүүгө кол салуу уюштуруу», «адамдарды барымтага алууну уюштуруу» жана башкалар бар. Ал 8-августта эки күнгө созулган катуу каршылык көрсөтүүдөн кийин бийликтин колуна түшүп берген.