Базар-Коргондо "Жахабанын күбөлөрү" агымынын өкүлдөрү салып жаткан курулуш. Сүрөт: Руслан Калматов / RFE/RL

Базар-Коргон районундагы Совет айылынын тургундары «Жахабалар күбөлөрү» агымынын өкүлдөрүнө каршы чыгышып, августтун башында жергиликтүү бийликке арыз жазышкан. Мындан тышкары алар христиан динине таандык агымдын айылда курулуш жүргүзүп, ишмердүүлүк кылуусуна нааразы болушууда.

Айыл тургуну Саламат Жолдошева «Турмуш» басылмасына курган маегинде, «Жахабалар күбөлөрү» агымынын өкүлдөрү Советтен үй сатып алып 1,5 айдан бери курулуш иштерин жүргүзүшкөнүн билдирген. Анын айтымында, үйгө күн сайын 20дан ашуун адам келип сыйынуу жөрөлгөлөрүн өткөрүшкөн.

«Буга чейин айыл эли нааразы болгондо, алар баары мыйзам чегинде экенин жана документтери бар экенин айтышкан. Азыр деле каршы болуп жатабыз. Ушул маселени чечип беришсе жакшы болмок», — деген Жолдошева эгер «бийлик чара көрбөсө жаштар үйдү өрттөп салабыз» деп жатышканын кошумчалаган.

16-августта жергиликтүүлөр менен бийлик өкүлдөрү жолугушуп, маселенин чоо-жайын аныкташ үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

«Азарынча диний агымдын өкүлдөрү ишмердүүлүк жүргүзө элек. Бирок элдин кыжырдануусу катуу келип жатат. Уруксаты жок эле ишмердүүлүк жүргүзүп, балдарды үгүттөшөт деп коомчулук каршы чыгууда», — деди «Клоопко» райондун акими Айбек Бегимкулов.

Диний агымдын Юра атуу өкүлү «Азаттыка» алардын ишмердүүлүгү дин эркиндиги жөнүндө мыйзамга шайкеш келгенин айтып, нааразычылыкка негиз жоктугун билдирген.

«Курулуштун документтерин текшерүүнү каалашса, мамлекеттик органдарга көрсөткөнгө даярбыз. Биз демократиялуу жана тынчтык өкүм сүргөн коомдо жашап жатабыз. Кайсы динди тутунат, кантип жашайт — ар бир адамдын өз эрки. Ага эч ким тоскоолдук кылбашы керек», — деген ойду айткан ал.

Жергиликтүү тургундардын назарында ал курулуш сыйынуу үйү болмокчу. Аталган маалыматты тактоо үчүн «Клооптун» журналисти агымдын мүчөлөрү менен байланыша алган жок.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев «Клоопко» кабарлагандай, диний агымдын мүчөлөрүндө Бишкектеги башкы кеңсесинен алган күбөлүктөрү болгон. Анын негизинде алар аймактарда иш жүргүзө алышат. Ал эми курулуш кандай максатта салынып жаткандыгы комиссиянын териштирүүсү менен аныкталат.

«Курулуш бүтө элек, ал маселе такталганга чейин убактылуу токтотулган. Анда агымдын мүчөлөрү иштеп, иш арасында эле сыйынышса керек. Анан элдер ошону көрүп сыйынуучу жай дешкен окшойт. Бирок бул атайын уюм ачылып иш жүргүзүп жатат дегенге жатпайт», — деп түшүндүрдү Кайсарбаев.

Дин комиссиясынын өкүлү «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзамга таянып бир динден башка динге үгүттөөгө тыюу салынганын кошумчалады.

«Элдер менен суйлөшкөнүмдө “үйлөргө келип балдарыбызды үгүттөп кетип атышат, брошюраларды беришти” деп айтышты. Бул элдин оозундагы сөз. Аны видеого тартмайынча айтуу кыйын. Бирок үйдү кыдырып китептерди таркатууга тыюу салынат. Элдер ушул мыйзамдын негизинде талап коюшкан», — деди ал.

Кыргызстанга христиан дининин «Жахабалар күбөлөрү» агымы Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан расмий каттоодон өткөн. Агымдын мүчөлөрүнүн айтымында, аны өлкөдө 5 миңден ашуун адам карманат.

Редактору: Элвира Султанмурат кызы