Кой-Таштагы башаламандык: Милиция «оштуктарды сабоого» үндөгөн Фархад Баабиевди кармады

ИИМдин басма сөз кызматы 19-августта Фархад Баабиев кармалганын билдирди. ИИМдин маалыматына ылайык, тергөө тобу «Баабиевдин 7-8-августта Кой-Таш айылындагы массалык башаламандыктарга катышканын» аныктаган.

«Баабиевге 16-августта “Массалык башаламандыктарга катышуу” кылмышын жасоого шектелип жаткандыгы тууралуу кабар берилип, Биринчи май райондук соту аны 9-октябрга чейин камакта калтырды», — деп билдиришти ИИМден.

Мурдараак коомдук тармактарда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери делген эки адамдын сүйлөшүүсүнүн видеосу тарап кеткен. Видеодо алар «оштуктар Ошко кетиши» үчүн «оштуктарды сабап, алардын бизнесин өрттөөнү» пландашкан. Видеонун авторлору сүйлөшүүдөгү адамдын бирөөсү Фархад Баабиев болушу ыктымал деп маалымдашкан.

Кийинчерээк УКМК видеонун чын-төгүнүн текшере баштаган, ал эми Баабиев өзү элден кечирим сураган.