УКМК Баабиевди «аймактар аралык кастыкты козутууга» шектөөдө

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Фархад Баабиевди «аймактар аралык кастыкты козутууга» шектөөдө. Баабиев — мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин активдүү тарапташтарынын бири.

Мурдараак социалдык тармактарда Баабиевдин Аман аттуу жигит менен «оштуктарды сабоо» туурасында сүйлөшүп жатканы жаздырылган аудио тараган.

«Баабиевдин сүйлөшүүсүндө Чүй облустунда Ош облусунун ишкерлерининин бизнестерин талап, үйлөрүн өрттөп аймактар аралык кастыкты козутууга багытталаган чакырыкты байкоого болот», — деп айтылат УКМКнын пресс-релизинде.

Атайын кызмат Баабиевдин чакырыктарын лингвистикалык экспертизадан өткөргөн. Ал Баабиевдин «сөздөрүндө аймактар аралык кастыкты козутууга, зомбулукка ачык чыкырыктар камтылганын» көрсөткөн.

«Иликтөөдөн өткөн текстте мамлекетте башаламандыкты уюштуруп, учурдагы бийликти күч менен басып алуу алып келе турган чакырыктар бар экендиги аныкталган», — деп билдиришти мекемеден.

Баабиев 19-августта «Массалык башаламандыктарга катышууга» шектелип кармалган. Сот аны 9-октябрга чейин камакта калтырууну чечкен. Баабиев өзү «провокациялык сөздөрдү» айтканы үчүн кечирим сураган.