21-августта фейсбукта патрулдук милиционердин катышуусундагы видео тарады. Автордун сөзү боюнча окуя Ноокатта болгон, бирок качан болгондугу белгисиз.

Видеодо көрүнүп тургандай, инспектор айдоочудан күбөлүгүн, техпастортун жана салык дүмүрчөгүн талап кылган. Айдоочу токтотуунун себебин сураганда, унаанын багажы ачык бараткандыгын айткан.

«Себеп, эмне үчүн багажың ачык? Бул жеңил унаа да, жүк салганда багажды жаап салышыңыз керек», — деп билдирген ал.

Эркек киши патрулдук милициянын кызматкерине айдоочулук күбөлүгүн бергенден кийин ал каршы тарапта токтотулуп турган «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаага барып отурат. Айдоочу кызматкерге бир нече жолу кайрылып, күбөлүктү кайтарууну суранат. Бирок инспекторлор анын айткандарын этибарга албай документти алып унаа менен белгисиз тарапка кетип калышат.

Тасма айдоочу күбөлүгүн алып кеткен инспекторду тапканы менен уланат. Документтерди кайтарууну кайрадан талап кылганда, аял «кайсы права?» деп жооп берет. Мындан тышкары анын тарабын өзүн «Ата-Журт» журналынын редактору деп тааныштырган Турсунали Ажикулов аттуу киши талашат.

Видеого тартып жаткандыгы үчүн айдоочуга «кылымыш ишин козготом» деп опузалап, анын күбөлүгүн алган инспектор «жакында операция болду» деп коркутуп баштаган.

«Видеого тартуудан мурун менден уруксат ал. Мен айтып жатканда кулак сал. Антпесе бир уруп капа кылып коём. Бул кыз бала. Кече операциядан чыкканын айтып жатты эле. Бир нерсе болсо ким жооп берет?» — деп билдирген Ажикулов.

Видеонун аягында Ноокат ЖКККБнын башчысынын жеке кийлигишүүсү менен гана айдоочуга күбөлүк кайтарылганы айтылат.

Милиция иликтөөнү баштады

Ош облустук ЖКККБнын басма сөз кызматы «Клоопго» маалымдагандай, видеодогу инспектор алардын кызматкери экендиги тастыкталды. Мекемеден патрулдук милиционер окуя боюнча түшүнүк кат жазып, видео монтаждалган деп шек санап жаткандыгын билдиришти. Милиция текшерүү иштерин баштады.

«Анын айтымында, унаанын артындагы жүктөрдүн айынан мамлекеттик номери көрүнбөй калган. Жүк ташуу эрежеси бузулгандыктан, инспектор ага эскертүү бергиси келген, бирок ал баарын баштан аяк видеого тартып туруп алыптыр», — деп түшүндүрдү патрулдук милициянын басма сөз катчысы Алтынбек Теңизбаев.

Ал инспекторлорго жеке унаа менен кызмат өтөгө тыюу салынганын кошумчалады.

«Прецедент» фирмасынын юристи Замир Жоошев «Клоопко» патрулдук милиционерлердин айдоочулардан күбөлүгүн алууга таптакыр укугу жоктугун айтты.

«Биринчи [айдоочуну] токтоткондо [инспектор] анын себебин түшүндүрүш керек. Андан кийин документтерин сурайт, негиз болсо протокол түзөт. Жаңы мыйзам боюнча айып салынганда деле күбөлүктү албай калышкан. Алып кеткени кызматтык абалынан кыянат пайдаланганы же аша чапканы», — деп билдирди ал.